Экс-президент А. Атамбаевдин буга чейин «Казак бийлигиндегилер Бакиевди жакшы көрүшөт. Бакиевдер азыркыга чейин Алматыда өздөрүнүн майрамдарын өткөрүп жүрүшөт. Мен бир нече жолу Казакстандын эң жогорку адамдарынан Бакиев элди туура аткан деп айткандарын уктум. Мен муну уккам, фамилияларын атабайм», — деп айткан эле. Мунун чындык экени азыраак убакыт өтөөрү менен кашкайып чыга калды.
Казакстандын бийлиги Кыргызстанда 2010-жылы болуп өткөн окуялар боюнча документалдуу фильм тартып, анда качкын жана канкор К. Бакиевден да маек алышканы билинди. Аталган фильмдин анонсу бүгүнкү күндө таратылууда. Анда канкор Бакиев: «Эмне кийимчен болсом, ошол бойдон кеттим. Эстелик катарыбы же башка себептенби, аныгын билбейбиз… Бирок байпак жана ич кийимимден өйдө тартып алышты. Идиш-аяк тууралуу айтпай эле коөюн. Убакыт келет, ошондо мекениме кайтарыма ишенем», — дейт.
Демек, муну менен казак бийлиги Бакиевдин 2010-жылы өз элине ок чыгарган кадамын актоо аракетин көрүп атканын түшүнбөй кое албайбыз. Андай актоо аракеттери албетте К. Бакиевге майдай жагат. Бирок, кыргызстандыктар, кыргыз эли К. Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн эми эч качан кечире албайт. Өз элине ок чыгарган президентти ким кечирмек эле?
Канкор Бакиев тактыга конгон 2005-жылдан 2010-жылга чейин ондогон кыргыздын чыгаан уулдары саясый куугунтукка кабылып, буюртма өлүмдөргө кабылышкан. Сөз эркиндиги кысылып, журналисттер да бычакталган, алтургай өлүмгө дуушар болгон окуялар бар. К. Бакиевдин эрке-талтаң уулу Максим Бакиевдин өлкөдө кыбыр эткен бизнестердин баарын рейдерлик жол менен басып алууларын да эч ким унута элек.
Эң башкысы 2010-жылдын 7-апрелинде колунда куралы жок, бийликке өздөрүнүн үнүн гана угузуп коюну максаты кылып келген карапайым элге ок атылган. Андан 90 бала набыт болуп, миңден ашууну түрдүү жаракаттарды алган. Канчалаган ата-эне балдарын жоготуп сыздаса, канчалаган жаш келиндер жесир калды, канча бала атасыз жетим калды. Ошол каргашалуу окуянын кайгы-муңу али көпчүлүк кыргызстандыктардын жүрөгүнөн кетелек. Албетте, убакыттын өтүшү менен акырындан ал күндөрдүн кайгысы унутулат, бирок жүрөктөгү так кетпейт.
Андыктан эгерде К. Бакиев качандыр бир кезде өз мекенине кайта турган болсо да, аны бир гана түрмө күтүп тураарын унутпашы керек.