Мындан дээрлик жетимиш жыл мурда атактуу экономист Йозеф Шумпетер «капитализмди душмандар жеңе албайт, досторунун колунан түбүнө жетет” – деп айтып өткөн. Чынына келгенде, тарых көрсөткөй Кошмо штаттар менен тең тайлашам дегендердин бардыгы күрөштүн чыңалуусуна чыдай албай, Американын күч-кубатын таануга мажбур. АКШнын эң күчтүү каршылашы болгон Советтер Союзу акыры таркап, ыраазы болду. Жакынкы убакка чейин көпчүлүктүн аң-сезиминде Кошмо штаттар дегиле былк этпеген мамлекет катары турган. Бирок, Кошмо штаттарда акыркы учурда, бөтөнчө өткөн жылдагы президенттик шайлоолордон кийин Шумпетердин айтканында абдан катуу жүйөө бар экени ачык айкын боло баштады. Кыскача айтканда, атактуу окумуштуу капитализмдин тарыхын иликтеп келип, бир убакта ири корпорациялар экономикалык айдыңдан чакан жана орто ишкерликти сүрүп чыгып, монополиялык бийликти колго алып коюшат. Бул жагдай бийликке да ыңгайлуу – ал корпорациялардын жардамы менен саясий бийликти башкаларга бербегендей кылып кармайт.
Ар дайым шайлоонун жыйынтыктарын өзүнүн эсебине чечип туруш үчүн бийлик тарапташтарынын санын көбөйтүп, аларга мамлекеттин чөнтөгүнөн жашоо-тиричилике каражат бөлүп турат. Бара-бара пайдубалы капиталисттик, консерваторорлук негизде тургузулган коомчулук социалисттик коомго айланып кетет. Акыркы учурда, жадагалса бир-эки жыл мурда Шумпетердин капитализмдин ойрошу тууралуу сөздөрүн көпчүлүк эксперттер, окумуштуулар кандайдыр бир куру сөз, жөн эле айтылган нерседе кабыл алышып, мунусу ишке ашпай жатат деп келишкен. Бирок, өткөн 2020-жыл бир топ нерсеге көздү ачып койду – Кошмо штаттарынын президентин шайлоо жөн эле саясий элитанын бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө бийликти ыйгарууга аземине эмес, консервативдик күчтөр менен либералдык күчтөрдүн тарыхтагы эң катуу салгылашуусуна айланды.
Негизинен алганда, бул салгылашуу 2016-жылы, мамлекеттин башына Дональд Трамп келип калганда эле башталган. Америкалык коомчулук анын жактоочулары жана каршылаштары болуп, өлкө эки, эч качан жарашпас тарапка бөлүндү. 2020-жылдагы шайлоодо дүйнөлүк коомчулук буга чейин болуп көрбөгөн нерселерге күбө болду – бул демократиянын бирден-бир таянычы болгон Америка кошмо штаттарында шайлоонун жыйынтыктары бурмаланып, жазалып, бардыгы бир тараптын эсебине чечилип калды. Андан бетер, шайлоодогу мыйзам бузуулар оркоюп көрүнүп, миңдеген адамдар күбөлүк кылып турса да, бир дагы сот бул далилдерди эске алган жок. Мындайды Азия же Африканын бир эң арта калган мамлекеттериндеги кадимки иш деп кабыл алууга болсо, Кошмо штаттарга карата ойго да келмек эмес. Экинчи жагынан, либералдык күчтөр шайлоо эң таза, демократиялуу нукта өттү деп жарыялашып, бири-бирин укмуштуудай жеңиш менен куттуктаганы да кичине күлкүлүү болду.
Эми Трамптын учурундагы менен азыркы Американын айырмасы абдан эле чоң. Консервативдик күчтөрдүн башкы баалулктары – бул эмгек, мыйзам алдында бирдей жоопкерчилик, инсандын жекече эркиндиги жана анын жашоо-турмушуна тийешелүү шарттарды түзүп, бул аркылуу мамлекетти күч-кубатка толтуруу, жалпы коомчулуктун жашоо деңгээлин жогорулатуу болсо, либералдык балуулуктар деп адамдардын терисинин түсү, жыныстык азчылыктардын, тыштан келген мигранттардын кызыкчылыктарын барынан жогору коюуу, мамлекеттин эсебинен жатып-ичерлерди багуу, бүткүл дүйнөгө өздөрү туткан баалуулуктарды таңууло болуп жатат. Буга чейин эле либерализм жетишип жатты эле, эми болсо анын тарашынын жаңы толкуну башталчудай. Бирок, акыркы айлардагы окуялар көпчүлүктүн демократияга болгон көз карашын түп оту менен өзгөрттү көрүнөт. Эң башкы бүтүм — бул демократиянын дегиле жоктугу, бардыгын акча жана колунда барлардын кызыкчылыгы чечет.
Йозеф Шумпетер демократиялык шайлоо – бул калктын колундагы саясий элитаны алмаштырып туруучу каражаты дейт. Бирок, бул жагдай өлкө “накта демократиялык мамлекетте жашайт” дегенди билдирбейт. Атактуу окумуштуу саясатчылардын иш-аракеттерин ишкерлердин атаандаштыгына окшоштуран: ким “рынокту” башкарса, ошол бийликте болот. Аны менен бирге, калк саясатчылардын сапатына таасир эте албайт – шайлоо учурунда ким болсо, кимиси мыктычыкма болсо ошолдун ичинен тандоого туура келет. Буга дагы партиялардын ичиндеги үстөмдүк үчүн күрөштү кошуп койсо, көп учурда бийликке принициптерди жыйыштырып койгон, башкалардын башынан аттап өтүүгө жөндөмү бар саясатчылар чыгып кетишет жана кай жерде болбосун шайлоо – бул накта демократиялык тандоо деп кепилдик берүү кыйын.
Көп жылдардан бери америкалык шайлоо системасы, орун алган демократия кандайдыр бир абсолют болуп келди эле, эми бул мамлекеттин саясий элитасы башкалардай эле бардык каражаттар менен бийликке жетүүнү эңсеген, авторитардык, тоталитардык деген мамлекеттердин саясий элитасынан эч кандай айырмасы жок катмар экени көрүнүп калды. Андан улам, демократиялык тандоо дайыма эле өлкөнүн өсүп-өнүгүшүн өбөлгөсү болуп келбейт. Ан үчүн, Шумпетердин аныктамасы бобюнча бир нече шарт аткарылышы керек.
Биринчиден, саясий ишмерлердин деңгээли кыйла жогору болушу керек. Экинчиден, бийлик үчүн атаандашып жаткан лидерлер жана партиялардын ортосундагы талаш, мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча макулдукта болуу менен, чектелген маселелер боюнча гана жүрүшү керек. Үчүнчүдөн, саясат жана башкаруунун багытын аныктоого алгылыктуу жардам бере алуучу, дасыккан бюрократиялык аппаратын болушу зарыл. Төртүнчүдөн, “демократиялык өзүн-өзү көзөмөлдөө” адаты болушу маанилүү. Бул нерсе – жалпы журттун шайлоочулар менен саясатчылардын орду алмашып кетпеши тууралуу, ар бири өз ишин кылгандыгы тууралуу бардык тараптардын макулдугу, өкмөттү ашкере сындоодон, ошондой эле, ар түрлүү ойго келбеген жана зомбулук иш-аракеттерден баш тартуу. Бешинчиси болсо – ар түрдүү пикирлерди кабыл алууну билүү.
Кыргызстандын саясатчыларында бул касиеттер анча өнүккөн эмес, андан улам, кайсы лидер бийликке келбесин мамлекетте авторитардык башкаруу орун алат.Уйга жүгөн салууга мүмкүн эмес болгондой, айтылган шарттар аткарылбагандан улам өлкөн уламдан улам “революциялык абалга” кабылып калып жатат. Кезектеги “революциядан” кийин бийликке келген лидердин деңгээли кыйла төмөн экени бийликтин бардыгын колуна алыбалып, жакындарынын пайдасына өлкөдөгү байлыкты бөлүштүрө баштаганда эле көрүнүп калат. Андан кийин, бардыгы эле туура жазалып жаткансын, улам эле “туура эмес жазылып калыптыр” деп шылтоо Башмыйзамга түшөт. Аны башкача жазып койсо эле, башкаруу формасын өзгөртсө эле өлкө жыргап кетчүдөй сезилип. Дагы манилүү жагдай – натыйжалуу бюрократиянын турушу арсар. Кыргызстандын бюрократиялык аппаратында эң башкы нерселер – патриотизм жана жоопкерчилик байкалбайт. Албетте, уламдан улам алмашып жаткан бийликтин шартында жоопкерчиликтүү, ишине жана элине күйгөн чиновникти тарбиялаш эң эле кыйын иш. Бөтөнчө жашоо-тиричилик өтө кымбат, айлык акысы өтө аз болуп турган шартта.
Төртүнчү жана бешинчи шарт боюнча бардыгы эле макул, бирок ишке келгенде бийликтегилердики гана туура болуп чыгат. Негизинен болсо, бийликти уламдан улам басып алган саясий элита отуз жылдан бери өлкөнүн ичиндеги салттуу табиятты Батыштын рационалдуулукка негизделген демократиялык стандарттарына тууралай албай эле, кыйналып, кысталып келе жатат. АКШдагы 2020-жылдагы президенттик шайлоодо алардын элитасы деле бардыгын жыйып коюп, бийлик үчүн бардыгына бараары көрүнүп калды. Шайлоо демократиялык стандарттар боюнча эң тазаа өттү дегени менен, маалыматтык блокадага карабастан жарыкка чыгып калган шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар шайлоо таза өткөн жок деп бүтүм чыгарганга жетиштүү.
Эми болсо Кошмо штаттарда либералдык заман келе жатат жана бул замандын баалуулуктарды биздин коомчулук тутуучу баалулуктарга карама-каршы келет. Андыктан Батыштын демократиясынан баш тартып, салттуу коомчулуктардын тажрыйбасына көңүл буруу зарыл. Мында демократиялык шайлоолордон, дегиле демократиялык принциптерден баш тартуу керек деген кеп эмес. Кыргызстанда демократиялык жараян аткарылып эле келе жатат, бирок буга жараша өлкөдө демократия түптөлүп калды деп айтууга болбойт. Шумпетер айткандай, демократиялык тандоо – бул калктын бийликке умтулган саясатчылардын кээ бирине ишеним көрсөтүп, аларга башкарууга мандат ыйгарып, бирок алардын ишти жакшы алып кетүүгө дарамети жок болсо, аларды алмаштырып салууга болгон каражат. Бирок Кыргызстанда демократиялык тандоо болбой эле, кайсы учурда кайсы саясий топ күчтүү болсо, башкаруучу ошолордун арасынан коюлат. Отуз жылдан бери өлкөдө бийликти демократиялык шайлоо аркылу дайындоо практикасы болгону менен, демократиялык башкаруу орун алды деш өтө эле кыйын.
Бирок, учурда кеп демократиялык же авторитардык башкаруу тууралуу эмес, принциптер тууралуу болуп жатат. Либералдык баалуулуктар ордунан былк этепейт деген Кошмо штаттардын пайдубалын силкип, бул мамлекет негизделген принциптерди бара-бара жок кылып, учурда коомчулукту эки сөзгө, биримдикке келбес эки тарапка ажыратып койду. Адамзаттын жашоосунун табигий баалулуктарын көздөгөн консерваторлор адамдын оюна келбеген либералдык принциптерди жактагандарга уламдан улам уттуруп келе жатышат. Керек болгондо Кошмо штаттардын саясий элитасы деле демократиялык принциптерди жыйыштырып койгону өткөн шайлоодо ачык көрүндү. Мындан улам, Кыргызстан үчүн Батыштын эмес, авторитардык деп эсептелген, бирок традиционалдуу коомулуктун баалулуктарын туткан мамлекеттердин тажрыйбасына көңүл буруу керек деген ой келет.
Йозеф Шумпетердин аныктамасында, бардык эле демократиялык мамлекеттер жарандарына бийик жашоо деңгээлин камсыз кылып бере албайт, ошол эле учурда авторитардык же тотолитардык делген өлкөлөрдө калктын жашоо-турмушу кыйла жогору болушу мүмкүн. Мисалга, Россия Федерациясы жана Кытай эл республикасын алса болот. Россиянын башында жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери бир адам турат, Кытайда болсо бир партиялык система орун алган, бирок калктын басымдуу бөлүгү буга нааразы деп айтууга болбойт. Албетте, бир саясатчыныны жекече башкаруусу же өлкөдө бир эле партиянын болуусу демократиялык канондорго жатпайт, бирок, Европа менен Түндүк Америкадан башка жерлерде демократиялык принциптер кыйратып иштеп жиберди деп айтыш кыйын.
Бир партиялуу система шартында жашап жаткан Кытай болсо экономикалык өсүш боюнча Кошмо штаттардан гана артта келе жатат. Бирок жакынкы он-жыйырма жылдыкта аны менен тең тайлашып калышы толук ыктымал. Албетте, бул мамлекеттин, өлкөнү жекече башкарып жаткан Коммунисттик партиянын маселелери арбын. Аларды чечишке партия да, мамлекет да көп күч жумшап, кээ бир кыйынчылыктар жылдар бою чечилбей келет. Антсе да, акыркы кырк жылда кытайлыктардын жетишкендерине баа берсе болот. Биздеги маселе болсо же күчтүү лидердин, же бардыгын колуна ала турган кубаттуу партиянын жоктугу. Ошол эле учурда, убакыт көрсөткөндөй демократия Кырыгзстандын саясий элитасынын дээринде жок. Буга жараша да өлкөнүн абалы эч оңолбой келет.
Нурлан Жоодатов