Домой Шайлоо 2020 «Шайлоо мыйзамын кичине бузуп койсо, кудай албайт!»

«Шайлоо мыйзамын кичине бузуп койсо, кудай албайт!»

138

Анан дечи, жанагы «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты»деген абал келип турат-шайлоонун түрдүү аракеттери башталбадыбы! «Быржыбайды там баскан…» абал сыртынан караганда эле, болбосо, түрдүү кылыктар, араздашуулар, сындашуулар, чырдашуулар, бөлүшүүлөр-акчаны да, элди да, чабышуулар, кетишүүлөр, келишүүлөр, сыйлашуулар, сырдашуулар, «сен мени сыйлайсыңбы, ыя?!»-лар», «түбөлүк достошуулар», ошондой эле касташуулар… иши кылып адамдар арасындагы мамилелердин миң бир түрү ишке кирип жатканы… «Быржыбайды там басканы…» оюнчук го бир!

Атаңдын көрү, баарынан да айылдардагы бекерпоздорго сонун болду, сүйлөгөнү жалаң «шайлоо» болуп, наркы-терки чуркап, ошондой сүйлөп, акчанын изине түшүп… Баары колунда тургансып, «мен антем, мен тигинтем» деген шайлоочунун баары колунда тургансып ар кайсы партиялардын штабдарына кирип жаткан кези…

Ушул жерден бир нерсе эске келет. Бир шайлоодо мен «Ак шумкар» партиясына жан тартып, анын талапкери Кубанычбек Кадыров болуп жүргөн күндөрдүн биринде Ак-Суу районуна барып, ошол жердеги активисттер менен жолугуштук. Ошондо бир толугунан келген жигит, алты-жети жаштагы уулун ээрчитип алган, «мен баарын бүтүрөм» деп кайсы айылды айтса деле жулунуп жатат. Кубанга айттым бул эчтеке бүтүрбөйт деп. Чын эле ал эч нерсе бүтүргөн жок…

Бу шайлоого 15 партия катышмай болду. Булардын кай бири жөн гана тизмеге кирип элге бир көрүнүп алышты самаган партиялар. Ал эми 15 партиянын беш-алтоосу акчаны тутамдап, «буюрса, бу шайлоодо баланча орунду жеңип алабыз» деп «максимум программасын» коюп алып үгүт иштерин баштап турат. Аларда акча көп. Акча көп болсо, ойлогон ой ишке ашчу кез… Биз кайсы партияда канча миң доллар барын так айта албайбыз, имиштерге караганда укмуштуудай суммалар айтылып жатат! Аны уккандардын чачтары тик турган бойдон калып жатат!

Азыр партиялар убаданы деле ченемсиз берип, айланайын, тоону томкоргон менен ойду омкоргон бержакта калып… иши кылып ушундай… Партиялар бюджет жөнүндө кенедей да ойлоп койбойт экен?! Ошол берген убадаларын бюджетибиз көтөрө алабы деген суроо мээге келбей, курдүрмөт эле тарсылдатып жатканы?!

Акча демекчи, өгүнү «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров айтып жатат: «Турсунбай Бакир уулунан сураган 200 миң долларды шайлоого катышуу үчүн төкчү 5 миллион сомдон кутулуу үчүн болгон» — деп. Ачыгын айтыш керек, Мадумаров жанын жеп жатат. Биринчиден, 200 миң доллар менен шайлоо комиссиясына беш эсе кылып төлөсө болот, экинчиден, ошончо кишиден жалгыз эле Турсунбай Бакир уулунан сурап калыппы?! Айта кетели, аталган партияга чогулган талапкерлердин дээрлик көбүн, Өмүрбек Субаналиевден башка, депутат кылып көрө албайм да. Анын лидери Мадумаровду го жакшы билебиз, куру сөздүн кулу да!

Азыр бул партия БШКны сотко берген. Иш каралып жатат…

«Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу мыйзамдарын одоно бузгандыгы үчүн шайлоодон четтетилген болчу. Бирок, алар сотко берип, «аппак» экен, соттон утуп алышты. Дал ушул мисал бийлик бийликчил партияларды даана колдоорун айгинелеп койду. Экинчиден, мындай иштерди «тескеп» койчу акча да аралашып кетти окшойт?!

Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо жөнүндөгү мыйзамды так сактап иштөөгө милдеттендирилген. Ал кандай гана мыйзам бузуулар болбосун, мейли чоң, же кичине болобу дароо чара көрүүгө тийиш. Бул жерде мыйзам бузуу деген чоң жана кичине болуп бөлүнбөшү керек, маселе, мыйзамдын бузулушунда. Эми карабайсыңарбы, «Кыргызстан» партиясы мыйзамды «кичине» эле бузуп коюптур, муну, анын лидери Исаев айтып жатат. Ал эми соттор болсо, ошол «кичине» мыйзам бузууну кечирип койсо боло турганын далилдеп берди. Демек, шайлоо мыйзамын кичине-кичине бузуп койсо эч нерсе болбойт экен да?! «Шайлоо мыйзамды сактап таза өтүш керек» деп какшап жаткан президентибиз эмне үн катпайт?!

«Кыргызстан» партиясы бир рекламасында «коронавирус учурунда бардык партиялар эс алганы кетсе, «Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү ишинде калып ооруга каршы күрөшкөн» деп жатпайбы?! Бу карандай калп го бир?

Жарышка чыккан 15 партиянын ичинен жеке мага жакканы «Замандаш» партиясы. Анткени, анын лидери Жеңиш Молдакматовду жакшы тааныйм. Анын адамдыгы, билими, адамдарга болгон мамилеси, турмуш түшүнүгү… сөз кыскасы, төгөрөгү төп келген мыкты жигит! Экинчиден, бул партияга турмуштун «балчык-салчыгын» баса элек таза жигиттер кирген. Анан эң негизгиси-алардын баары элим деген жигиттер!  Демек, алардан жалаң гана жакшылыкты күтүүгө болот. Жеңиш Молдакматовдун: «Биз убада бербейбиз, биз аткарабыз» деген сөзү эң туура айтылган да!

Баса, аталган партияда кыргыздын мыкты жигиттеринин бири Мелис Турганбаев да бар. Болсун дейли!

…Мандатка жетүү үчүн түрдүү жолдорду издеп, анан анын тескери жолун таап турган партиялар да бар. Ошондой «терс жолдуу» партиялардын кай бири кээ бир жакындарынын паспортторун чогултуп, башка жерге каттата коюп добуш бердирүүнү көздөп жатат. Маселен, Бишкекте катталгандарды, Жети-Өгүзгө катталды кылып, ошол жактан өздөрүнө добуш бердирип?! Бул деген мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет. «Ошондойлорду тапсак, терисин тескери сыйрыйбыз»-деп бийлик тарап күпүлдөйт. Анын күпүлдөгөнүн уккан киши деле жок…

Жөн турчу, Жогорку Кеңеш Конституциябызда жазылгандай болуп, президент менен кошо мамлекетти башкарыша албайт! Өз ишинде мурункунун илеби менен кетип, президенттин көзүн карап, оозунан чыккан сөздү кыңк этпей аткарып турат…Дагы бир бекерпоздордун тобун шайлаганы турабыз, ошондо, булардан көрө «барынан жогу» дейбиз да?! Депутат деген ушулардай болуш керек деген сөздү айттыргандар аз эле болор…

Алаңгыча шайлоого байкоочу болуп Европа мамлекеттеринен 25 байкоочу келиптир. Алар кыйратмак  беле, жер көрүп, эл  көрүп, анан сый көрүп дегендей… кетишет да… Алардын «байкагынан», маданияттуураак кылып айтайын, кык дагы чыкпайт!

 

Баратбай Аракеев

 

Булак: Багыт гезити