Домой Саясат ТВ, сайт, гезиттерди саясатчылар басып алды. Кезекте Келдибеков…

ТВ, сайт, гезиттерди саясатчылар басып алды. Кезекте Келдибеков…

59

Телевизордо КелдибековАтагынан чатагы арбын саясатчы Акматбек Келдибеков башка саясатчылардан кем калбай телеканал ачууга баш уруп, катуу киришип жатканы айтылууда. Аты “Нур” экен. Албетте, бул алдыдагы президенттик шайлоого карата болгон аракеттердин бири экенин баамдап билсек болот. Белгилүү болгондой Кыргызстандагы НТС каналы Өмүрбек Бабановдуку, “Nexт тv” каналы  Равшан Жээнбековдуку, “Сентябрь” Өмүрбек Текебаевдики, Кубанычбек Жумалиев менен Роза Аманованыкы “Санат” Ал эми Камчыбек Ташиев болсо 3 телеканал ачкан. Анын бири 7-канал болчу, бул каналды башка бийликти колдогон фигаралардын бирине өткөрүп бериптир. Ошол 3 каналдын бирин жогоруда айтылган Келдибековго бергени айтылууда. Бакиевдин “Ак — Жолунда” депутат болгон Алмаз Каримов деген 8 –канал деген каналды ачыптыр. Бул эми ТВлар эле боюнча. ТВлардын жалпы саны 48 экен.  Ал эми гезиттерден башың айланат. Так санын айтуу кыйын. Адилет министрлигинде катталганы 1500дөн ашат экен. Мындан тышкары, маалымат сайттарынан да башың адашат. Алардын иштеген, иштебегени болуп,  сайттардын санын эсептеген өзүнчө  сайтта 1700гө жакын экени көрсөтүлүүдө. Ал сайтка катталбагандары да бар. Эми сайттардын  ичинде аты бар, заты жок, жөн эле катталып койгондору да толтура. Рекламалык, мекемелик, көңүл ачуу ж.б. эске албаганда, маалыматтык сайттардын саны болжол менен 50дөй болсо керек. Бирок ошол 50 сайттын бир тобу жалкоо сайт. Өздөрүнүн продукциялары жокко эсе, эч нерсе жазбай, башкалардын  жакшы маалыматтарын баса калып көчүрүп, басып, жан баккандар болуп эсептелет. Башкалардын эмгегин кошо талашып, колдон жула качпай, жок дегенде сайтына берип жаткан продукциянын жарымын өздөрү жаратса гана… Алардын атын бул жерде жазсак, таарынып калышы мүмкүн. Ошол сайт, гезиттердин көбү байларга, саясатчыларга таандык.

Дагы бир көрүнүш, журналистикада журналист эместер жана чала журналисттер да көбөйдү. Кыскасы, бул тармакта дагы баш аламандык  өкүм сүрүп турат. Ток этерин айтканда ЖМКдагы ушундай көрүнүштөрдү биринчи кезекте журналисттер жараткан жок, өздүк маалымат каражаттарына ээлик кылгысы келген байлар, саясатчылар жаратты. Эми мындай көрүнүштөн арылуу кыйын болоор. Дагы айтып койчу, нерсе ошол тв, гезит, сайттарды басып алган саясатчылардын көбү таза эмес, былыктары толтура. Алар ошол былыктырын жашырып, өзүн мактатуу үчүн ЖМКга баштарын тыгып, журналисттердин көбүн саясый курал катары пайдаланып жатышканы өкүнүчтүү. Деги эле, ар ким өз билген ишин кылса жакшы эмеспи. Акчанын күчүнө салып, ар кайсы тармакты талкалай беришпей…Башаламандыктын башаты дал ушул эмеспи.