Домой Дүйнөдө АКШда адамды «уктатуучу» суусундук сатыла баштайт

АКШда адамды «уктатуучу» суусундук сатыла баштайт

39

Америкалык PepsiCo компаниясы Driftwell ичимдиктерин сатууну пландап жатат, ал стресстен улам уйкусуздуктан жапа чеккендерге жардам берет. Бул тууралуу 15-сентябрда CNBC телеканалы билдирген.

Бул суусундук 2021-жылдын биринчи кварталында дүкөндөргө чыгаары күтүлүүдө. Driftwell суусундугунун курамы суудан, табигый жол менен пайда болгон аминокислота L-теанинден турат, бул организмдин стресске туруштук берүүсүн жогорулатып, энергия топтоого жардам берет. Суусундук ежевико-лавандо даамын сездирип турат.

Белгиленгендей, суусундукту иштеп чыгуу пандемияга чейин башталган.

Euromonitor International уюмунун болжолунда, 2019-жылы АКШда суусундуктардын сатылышы 2,97 миллиард долларды түзүп, быйыл кеминде 5% өсүшү күтүлүүдө.

Булак: barometr.kg