Домой Коом Тѳрѳбай Зулпукаров: Шайлоонун босоголук чегин жогорулатып, күчтүү, жоопкерчиликтүү ѳкмѳт түзүшүбүз керек

Тѳрѳбай Зулпукаров: Шайлоонун босоголук чегин жогорулатып, күчтүү, жоопкерчиликтүү ѳкмѳт түзүшүбүз керек

61

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясы шайлоо ѳнѳктүгүнүн алкагындагы үгүт ишин Таластын Кара-Буура районунда улантты. Аталган райондун эли менен жолугушуу бүгүн, 14-сентябрда  болуп ѳттү.

Жолугушууга партиянын лидерлери менен талапкерлери, атап айтканда, Тѳрѳбай Зулпукаров, Акылбек Жамангулов, Аида Касымалиева, Кѳкүмбек Таштаналиев, Талас Бегалиев, Бактыбек Чойбеков катышты.

«Биримдик» партиясынын тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров ѳз сѳзүндѳ келечекте  шайлоонун босоголук чегин 7 %дан 11%га жогорулатуу зарылдыгын айтты. Анын айтымында, ушундай жол менен ѳкмѳттүн күчтүү, туруктуу, жоопкерчиликтүү болуусуна жетишүүгѳ мүмкүн болот.

«Кээ бир партиялар босоголук чекти 3 %га түшүрүүгѳ аракет кылышты. Элестетип кѳрүңүздѳр, 100 миң шайлоочусу бар райондон партия 51 миң добуш алса, ал райондун партиясына айланмак. Жогорку Кеңеште 30дай фракция болмок. Кѳптѳгѳн фракциялар түзгѳн  коалициялык ѳкмѳт эч качан күчтүү, туруктуу болбойт. Биз келечекте шайлоонун босоголук чегин  11 % кылышыбыз керек. Мейли, оппозиция утуп алсын, мейли, бийлик утсун, бирок жоопкерчилик бир саясий күчтѳ болот. Ошондо татыктуу ѳкмѳт түзүлѳт», — деп партиянын саясий кѳз карашын билдирди.

Мындан сырткары, Тѳрѳбай Зулпукаров аймактык-административдик реформаны жүргүзүп, чиновниктердин армиясын кыскартуу керектигин айтты. Эл колдоого алып,  ишеним кѳрсѳтсѳ,  мындай реформаны   ишке ашыруу  «Биримдик» партиясынын колунан келерин баса белгиледи.

 

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.