Домой Спорт Навида Афкари Иранда дарга асылды

Навида Афкари Иранда дарга асылды

104

Иранда грек-рим күрөшү боюнча көп жолку дүйнө чемпиону Навида Афкарини укук коргоо кызматкерин өлтүргөндүгү жана  өкмөткө каршы митингдерге катышкандыгы үчүн дарга асышты. 27 жаштагы спортчунун жанын сактап калуу туурасындагы чакырууларды Тегеран четке кагып койду.

Навида Афкаринин иши коомчулукта резонанс жаратып, мамлекеттик лидерлер, кадырлуу адамдар аралашып спортчунун өмүрүн сактап калуу аракетин көрүшкөнү менен жыйынтык чыккан жок. 12-сентябрда Афкари Адель-Абад түрмөсүндө  дарга асылган. Ага чейин 72 жолу камчы менен чабышкан. Спортчунун адвокаты ага үй-бүлөсүн көрсөтпөй койгонуна нааразычылыгын билдирди.