Домой Коом Судья Марат Сыдыков мындан ары Кой-Таштагы окуя боюнча ишти карабайт

Судья Марат Сыдыков мындан ары Кой-Таштагы окуя боюнча ишти карабайт

245

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков адвокат Ирина Карамушкинанын жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырды.

Буга ылайык, судья Марат Сыдыков мындан ары Кой-Таштагы окуясы боюнча ишти карабайт.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти тергеп бүтүп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаевдер бар.