Домой Коом Шүгүр дейли, топтолгон суубуз көбөйүүдө

Шүгүр дейли, топтолгон суубуз көбөйүүдө

49

 

TVЭсиңерден чыга электир, Бакиевдин кезинде тезек терип, караңгыда айла жоктон светти түш көрүп калганыбыз. Эки жылдан бери электр энергиясы боюнча маселе жоголду. Мурдагыдай өзбекстандын алдына тизе бүгүп барбай калдык.  Токтогул ГЭСиндеги машакаттар да четинен ордуна келип жатат. Агрегаттарды жаңылап, кубаттуу кабельдерди күзгө жеткирбей алмаштыруу иштери колго алынды.

Албетте, өп-чап кылбай калкты жарыктандырууга оболу топтолгон суу себепкер болот. Шүгүр дейли, азыр Токтогул суу сактагычында 19 миллиардга жакын суу топтолуп калды. Ошол үчүн электр энергиясын коңшу өзбектерге сатып жаткан кезибиз. Жыл жаанчыл болгондугу ушинтип оң таасирин тийгизди.  Ал эми бул тармактын баасын ар кимибиз эле билермандык кылып чечмелей бергенибизден майнап чыкпайт. Бул оор маселени тийиштүү тармактын өкүлдөрү кылдат иликтеп чыгып жообун анан айтышат.  Айтор биздин башыбыз мындан ары оорубайт десек болорун белгилей кетели.

  levitra paga con mastercard.