Шайлоо болордун алдында сөөлжандай соймоңдоп чыга калган “эзелки” гезиттердин, журналдардын аты-жөнүн деле эбак унутуп калганбыз. БШКнын аккредатициядан өттү деген тизмесин көрсөң ээгиң тизеңе жете түшөт. Анткени көп жылдардан бери карай көмүскөдө калган басылмалар келе акча деп сорок эте пайда болушуптур. Байдын каражатын аяган деле эч ким жок. Ошентсе да устукан берилерде эле жайнап чыга калгандарга не дээриңди билбей калат экенсиң.
Бирок, азыр падыша болом дегендер митаам болуп калышкандар. Көптөгөн лидерлердин атка жеңил,тайга чак убактылуу басылмалары бар. Мындан улам андайлар бирөөлөргө кор болуудан алыс. Кызыгы, мурдуң кана десе кулагын кармаган талапкер сыяктуулар арзан басылмаларга качырышаары маалым. Болбогон сүртүмдөрү менен кээде пайда болгон сапатсыз, чабал теле каналдар, сайттар деле жарытып каарманын чагылдыра албайт. Бир сөз менен айтканда саман-топонун кардардын тың чыкмалары иликтеп чыкканга кудурети жетсе болгону.