Домой Шайлоо 2020 Шайлоочулардын акыркы тизмеси 27-сентябрда даяр болот

Шайлоочулардын акыркы тизмеси 27-сентябрда даяр болот

215

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси шайлоо күнүнө бир жума калганда жарыяланарын кабарлады. Бул 27-сентябрга туура келет. БШКнын маалыматында: «19-сентябрда шайлоо участкаларында кабыл алынган арыздар, маалыматтар эки-үч күндө иштелип чыгат. Акыркы тизме шайлоого жети календардык күн калганда даярдалат» — деп айтылат.
Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо тилкелеринде кыргызстандыктар 19-сентябрга чейин шайлоочулардын тизмесинде өзүн тактап же шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү боюнча арыз беришти. Алар бир топ жерде кишилерди идентификациялык каттоо системасы иштебей маселе жаралганын айтып арызданышты. Ушундан улам №2 форманы толтурууда кезек күткөндөр көп болгону кабарланды.
Кыргызстанда 13-сентябрга карата шайлоочулардын саны 3 млн. 465 миң адамды түзгөн. Алардын жарым миллионго жакыны Бишкек шаарына, 700 миңдейи Ош облусуна туура келет. Акыркы тизмеде бул сандар өзгөрүшү мүмкүн. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек.

 

Булак: Багыт гезити