Домой Шайлоо 2020 Шайлоо-2020: Замирбек Осмонов: “Мекенчилдик сезим менен иштеп, жакынкы беш жылда зор ийгиликтерге...

Шайлоо-2020: Замирбек Осмонов: “Мекенчилдик сезим менен иштеп, жакынкы беш жылда зор ийгиликтерге жетишебиз”

151

«Биримдик Демократиялык социализм — Евразиялык тандоо” саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкер Замир Осмонов Баткен облусунун Лейлек районундагы Баул, Катраң айылдарындагы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Шайлоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, Осмонов партиянын программасы менен тааныштырды.

Талапкердин айтымында парламентке аттанганынын негизги себеби жергиликтүү элге тиешелүү мыйзамдарды демилгелегенден баштап, анын аткарылуусуна чейин көзөмөлдөө. “Биздин максат эптеп добуш сатып алууда эмес, тескерисинче биз мыйзамдуу, таза, адал жол менен жеңишке жетүү”-, дейт Замирбек Осмонов.

Анын айтымында Лейлек жергеси өзүнүн туулган жери болгондуктан, маселелерин жана көйгөйлөрүн абдан жакшы билет жана ар бир маселе боюнча өзүнүн көз карашы, сунуштары бар экенин айтты: “Облустагы маселелер боюнча атайын программа иштеп чыгып, негизги багыттарын белгилеп койгонбуз. Анда биринчи орунда элдин саламаттыгына жана бакубат жашоосуна басым жасалып, саламаттык сактоо жана социалдык маселелерге көңүл бөлүнөт”.

Ал, учурдагы өлкөнүн санариптештирүү саясатынын алкагында райондо жана шаарларда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун борборлорун да санариптештирип калкка сапаттуу медициналык кызматын көрсөтүү, бул негизги багыттарынын бири экенин айтып өттү.

Осмоновдун айтымында реформалык кадамдар социалдык маселелерден башталат: “Көп балалуу үй-бүлөлөр, жөлөк пул, пенсия, таза суу көйгөйлөрүн чечүү үчүн бул тармакта реформалык кадамдарды жүргүзүүнү сунуштайбыз. Өлкөбүздүн келечеги кең. Баарыбыз чогуу кол кабыш кылып, популизмден алыс болуп, ар ким өз көмөчүнө күл тартпай, мекенчилдик сезимдер менен иштесек, жакынкы беш жылда зор ийгиликтерге жетишебиз. Чечкиндүү кадамдарды жасаш үчүн саясий эрк, реформаторлук чечимдер жана ак ниет керек.”- деп өз сөзүн жыйынтыктады.

Айыл тургундары өз кезегинде талапкерине ийгилик каалап, ак баталарын берип узатышты.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.