Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновдун бүгүн, 8-сентябрда, Өкмөт үйүнүн пресс-борборундагы брифингде пандемия маалында социалдык-экономикалык багытта жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Өкмөт башчынын брифингдеги маалыматынын текстти:
БРИФИНГ
8-сентябрь 2020-жыл
Урматтуу мекендештер!
Урматтуу массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздердин көңүлүңүздөрдү коронавирус пандемиясы боюнча дүйнөлүк статистикага бургум келет. Анткени чындык ачуу болсо да, салыштырып кароо менен гана биздеги абалга реалдуу баа берүүгө болот.
Январь айынан бери Презиентибиз башында туруп, Өкмөт эпидемиологиялык жана экономикалык абалды – туруктуу кармап туруунун үстүндө колубуздан келишинче аракет жасадык.
Биринчиден, 19-мартта Кыргызстанда алгачкы 3 адамдан вирус чыккан кезде, дүйнөдө 169 мамлекетте вирус катталган болчу. Демек, аягына чейин вирусту өлкөгө киргизбегенге мүмкүн болушунча аракет жасадык.
Экинчиден, вирустун жогорку күч алган мезгилин болтурбоонун үстүндө күрөштүк. Кээ бир мамлекеттерде вирус катталгандан кийин 15 күндүн ичинде эле жогорку пикке чыга түшкөнүн көрдүк. Кыргызстанда бул учур июнь айынын аягы – июлдун башында жетти. Демек, ага чейин, катуу кыйналганыбызга карабастан, өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал сыяктуу карантиндик режимди киргизүү менен оорунун тез жайылышына жол берген жокпуз.
Үчүнчүдөн, оорунун курч мүнөздө өтүшү ар бир өлкөдө ар түрдүү созулганын көрүп жатасыздар. Мисалы: Кытайда пандемиянын күчөгөн учуру январь, февраль, март, апрель айларына туш келди, же 85 күнгө чейин созулган. Европада март, апрель, май айларына – 100 күнгө чейин созулду. Америкада, өзүңүздөр көрүп жатасыздар, вирус апрель айынан бери басылбай жатат. Оорунун жогорку чеги деген мезгил Америка Кошмо Штаттарында 5 айга созулганын көрүп жатабыз.
Биздин Өкмөт – Президентибиз, коомчулук менен биргеликте ыкчам кескин чараларды кабыл алып, эпидемиянын курчуган мезгилинен аз убакытта – 3 жуманын ичинде чыгып кете алдык.
Бул бир жагынан Кыргызстан элинин ынтымагын – бузулбас биримдигин көрсөттү, буга дүйнө эли баа берди. Бул үчүн азыр да жалпы коомчулукка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан терең ыраазычылыгымды билдирем.
Өлкө | 1-учур | Пик | Пик
созулушу |
Россия | 01.02.2020 | 30.04-16.06 | 2,5 ай |
Молдавия | 08.03.2020 | пик начался 11.06 и еще нет тренда к снижению | 3 ай болду |
Украина | 04.03.2020 | 29.07 и продолжается до сих пор | 2 ай |
Армения | 02.03.2020 | 02.06-23.07 | 2 ай 3 жума |
Белоруссия | 29.02.2020 | 24.04-11.06 | 1 ай 3 жума |
Азербайджан | 29.02.2020 | 20.06-29.07 | 1 ай 1 жума |
Эстония | 28.02.2020 | 14.03-01.05 | 1,5 ай |
Узбекистан | 17.03.2020 | 08.07-28.08 | 1 ай 3 жума |
Казахстан | 13.03.2020 | с 08.07 по 09.08 | 1 ай |
Кыргызстан (только U07.1) | 18.03.2020 | 06.07-22.07 | 3 жума |
Төртүнчүдөн, Кыргызстан – лабораториялык тастыкталган Ковид-19 оорусуна чалдыккандар менен ак жайдын күнү пневмония менен ооругандардын санын – оорунун козгогучу бир – деп бириктирип санагандан качкан жокпуз. Ошол эле мезгилде өнөктөш өлкөлөр пневмония менен ооругандарды статистикага кошкон жок. Өздөрү да бул туурасында ачык эле айтып жатышат.
Сөзүм куру болбос үчүн бир маалымат айтайын. Эл аралык Worldometers.info эсебинин 31-августтагы маалыматтары боюнча, дүйнөлүк статистикага лабораториялык жактан тастыкталган гана учурлар алынары айтылды.
Бул эсептен алганда ооруга чалдыккандардын көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү эң бай өлкө – Катар 1 млн адамга 42 миң 2 жүз адамды түзүп, 1-орунга чыкты.
Кыргызстандагы эпид кырдаалды Worldometers.info статистикасы төмөнкүдөй эсептейт. 31-августта жалпысынан 43 898 учур катталды, анын ичинен:
— лабораториялык тастыкталганы – 18 765 (43%)
— клиникалык-эпидемиологиялык учур – 25 133 (53%).
Ал эми каза болгондордун саны 31-августта 1059 (8-сент –1062) адам болсо, анын ичинен:
— КОВИД-19дун лабораториялык тастыкталганы – 264 (25 эле %),
— клиникалык-эпидемиологиялык учур – 795 (75%).
Лабораториялык жактан тастыкталган Ковид-19дан каза болгондордун саны:
— 2,9 млн калкы бар Арменияда – 877 учурду түзөт.
— бизде – 264.
Страна | Заболело | Заб-ть на 1 млн | Умерло | Лет-ть, % | Смерт-ть на 1 млн | Население |
Азербайджан | 36 309 | 3 576 | 531 | 1,5 | 52 | 10 154 230 |
Армения | 43 750 | 14 760 | 877 | 2,0 | 296 | 2 964 173 |
Казахстан | 105 795 | 5 623 | 1 523 | 1,4 | 81 | 18 813 391 |
Кыргызстан (только U07.1) | 18 765 | 2 886 | 264 | 1,4 | 40 | 6 541 543 |
Молдавия | 36 700 | 9 101 | 992 | 2,7 | 246 | 4 032 371 |
Россия | 990 326 | 6 786 | 17 093 | 1,7 | 117 | 145 945 013 |
Украина | 119 074 | 2 726 | 2 527 | 2,1 | 58 | 43 688 720 |
Кыргызстан (U07.1+U07.2) | 43 898 | 6 711 | 1 058 | 2,4 | 162 | 6 541 543 |
Урматтуу мекендештер!
Мындай аналитикалык изилдөөлөр дүйнөлүк статистикада тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Экономикасы алдыңкы өлкөлөрдүн көрсөткүчү коронавирус менен күрөшүүдө абдан начар болуп жаткандыгы белгиленүүдө.
Жогорудагы айтылгандарга карап, биздеги кырдаалга өзүңүздөр калыс баа бересиздер деп ойлойм.
Ошентсе да Кыргызстандагы эпид кырдаал толугу менен жакшырып кетти деп айтуудан таптакыр алыспыз. Анткени Европанын кээ бир мамлекеттеринде оору кайрадан күч алып жатканын көрүп жатабыз.
Ошондуктан коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталууда.
Ошол эле учурда Өкмөт кандай гана оору болбосун мындай эпидемияны болтурбоонун үстүндө бир катар аракеттерди көрүп жатат. Алсак:
Жаз-күз мезгилинде каптоочу сасык тумоодон алдын алуу үчүн (грипп, ОРВИ) 21-августта гриппке каршы вакцина сатып алуу максатында 221,5 млн сомго буйрук чыгардык. Бул каражатка 700 миң доза вакцина сатылып алынат. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу кармарлары жана, албетте, дарыгерлер эмделет.
Дарыгерлер демекчи, дарыгерлерибиздин жайындагы эмгегин эсибизден чыгарбайлы. Бир эле санды айтайын:
Республика боюнча ачылган стационарларга 15-июлдан 27-августка чейин жалпы 500 миңге жакын (471 264) адам кайрылган. Анын ичинен:
357 760 адамга укол сайылды, капельница коюлган.
142 626 адамга консультация берилген.
Бир сутканын ичинде 17-июль күнү 36 125 адам кайрылган.
Бүгүнкү күнгө карата стационарлар консервацияланып жабылды. Ал эми коровируска тартылган ооруканалар өз багытында иштеп баштады.
Коронавирус менен күрөшүүдө адам ресурстарынын ичинен – дарыгерлерибиздин эмгеги баа жеткис. Ошондуктан:
А) Өкмөт эпидемиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат:
- март айында: 6438 медициналык кызматкерге 37,7 млн. сом компенсация төлөнгөн;
- апрелде: 13441 медкызматкерге – 111,1 млн сом,
- майда: 9154 медкызматкерге – 110,7 млн сом,
- июнда: 9252 медкызматкерге – 119,3 млн сом,
- июлда: 41 649 медкызматкерге – 444,1 млн сом.
2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөөлөрдүн жалпы суммасы 785,4 млн. сомду түздү.
1-сентябрда Өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 млн сом бөлүндү.
Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы – 1 млрд 425 млн сом.
Б) Мындан тышкары мед кызматкерлерди реабилитациялоо иштери жүрүп жатат:
1-сентябрга карата Ысык-Көлдөгү пансионаттарда 1560 мед кызматкер 7 күндөн эс алуудан өтүп келишти, аларга 9,2 млн сом каражат каралган.
В) Ошону менен бирге медиктерди кыска курстардан окутуу, даярдоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат:
Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунан февраль айынан 28-августка чейин республика боюнча 19 584 адис квалификациясын жогорулатуу курсунан өттү.
Экспресс жана ПЦР тестти изилдөө боюнча пре-аналитика боюнча 403 адис лаборант окуудан өткөрүлдү. Дагы окутуулар улантылууда.
Буюрса, жаңы салынып жаткан ооруканалар штаттык персонал менен камсыз болушуна даярдалып жатат.
Ооруканалар демекчи, салынып жаткан ооруканалар туурасында кыскача маалымат бере кетели.
Саламаттык сактоонун бир катар объектисинде курулуш жана ремонттук-калыбына келтирүү иштери жүрдү. Алардын ичинен:
4-сентябрга карата 7 ооруканада иштер бүттү:
- Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик-лицейдин профили өзгөртүлдү – 150 орундуу оорукана.
- Орловка шаарындагы 45 орундуу оорукана толук ремонттолду.
- Баткен шаарындагы поликлиниканын эски имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп, 90 орундуу оорукана түштү.
- Жалал-Абад шаарында хирургиялык борбору – 100 орундуу.
- Көк-Жаңгак шаарындагы калкты медтейлөө борбору – 60 орундуу.
- Каракол шаарында областтык бириккен оорукананын башкы бөлүмү – 150 орундуу.
- Чолпон-Ата шаарындагы райондук оорукана – 70 орундуу.
Калган ооруканаларда иштер жүрүп жатат:
- Бишкек, Ош шаарларында 100 орундуу тез курулуучу инфекциялык ооруканалардын курулушу – сентябрь аягында бүтөт.
Салынып жаткан ооруканалар техникалык жана медициналык эмеректер менен толук жабдылат. Бул боюнча пландар белгиленген. Булар туурасында өткөн брифингде кеңири айтканбыз, кийинчерээк дагы маалыматтар берилип турат.
Урматтуу мекендештер!
Эми башка маселелер туурасында кыскача айтсам.
1. Окуучулардын дистанттык окуудагы тийиштүү техникалар, аппараттар менен камсыздалышы.
Өзүңүздөр билесиздер, 1-сентябрда 1-класстан тышкары бардык класстар, студенттер аралыктан окуу формасына өткөрүлгөн.
14-августтагы Өкмөттүн жыйынында жергиликтүү бийлик органдарына протоколдук тапшырмалар берилген.
2. Шайлоо өнөктүгүндөгү айрым тыюу салуулар:
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик-муниципалдык кызматкерлердин шайлоого карата үгүт иштерине катышуусуна жол берилбейт.
Шайлоо процессинде мыйзамдуулуктун сакталышына укук коргоо органдары көзөмөлдү күчөтүлгөн тартипте алып барарын эскертким келет.
3. Мигранттардын шайлоого катышуусу боюнча иштер:
А) Өлкө аймактарында жана чет жактардагы мекендештердин добуш берүүсүнө шарттар түзүлүүдө. Республика боюнча 2464 участкалык шайлоо комиссиясы иштеп баштады. Анын ичинде өлкө тышында 44 участок бар. Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигине, миграция кызматына тийиштүү тапшырмалар берилген.
Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде биометрикалык маалыматтарды чогултууну активдештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кошумча 11 комплект жабдуу берилди. Анда да автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жарандарыбыздын биометрикалык каттоодон өтүүсүнө мүмкүнчүлүктөр пайда болду.
Б) Мындан тышкары авиа каттамдар этап-этап менен калыбына келтирилип жатат. Россия менен сентябрь ичинде 20 рейс болору буга чейин айтылганын билесиздер.
21-августта 32 өлкөгө Кыргызстан дарбазасын ачты. Учурда бир катар жарандарыбызга Россияга кирүүгө уруксат берилди:
— Россиянын жарандыгы барлар,
— Россияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө),
— медициналык жардамга муктаждарга,
— жакын туугандары каза болсо,
— бейтапты караган адамдарга,
— спортчуларга ж.б.
Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат.
Ал эми студенттерге Россияга кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Россия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат.
Буюрса, жол ачылат, бир аз сабырдуулукту сактап туруңуздар.
4. Күз-кыш мезгилине карата даярдыктар график боюнча жүрүп жатат. Анын ичинен мен 3 учурга гана токтолуп коёюн:
А) Көмүр менен камсыздоо боюнча иштер Өкмөттүн катуу контролунда турат. Учурда бюджеттик мекемелерге жана эл үчүн көмүр алып келүү жана аларды сатуу пункттарын, отун базаларын даярдоо иштери жүрүп жатат.
— Өзүм дагы Бишкек жылуулук борборуна барып келдим. Ал жердеги кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды бердим. 8-сентябрга карата ал жерде 200 миң 500 тонна көмүр бар. Бул негизи жакшы запас. Бул көлөм азыркы керектөөгө жетиштүү деп саналат, көмүр ташуу иштери толук кандуу жүрүп жатат.
— Республикабыздын экинчи борбору болгон Ош шаарынын жылуулук борбору мазут менен жылытылат. План боюнча 20 миң тонна мазут керектелет. Бүгүнкү күндө Кыргыз нефти газ ишканасы тарабынан 20 миң тонна мазут Ош жылуулук борборунун кампаларына атайын сактоого жеткирилип берилди.
Б) Өткөн жылы энергия компаниялардын бюджеттик чыгашаларына оптималдаштыруу жүргүзүлүп, электр энергиясына болгон 4 млрд сомдук карызы жабылган. Кыргызстандын улуттук энерго холдинг ачык акционердик коому – энергесектордогу киреше бөлүктүн түшпөй калуу тобокелдигин азайтуу максатында биринчи кезектеги чаралардын алкагында 2020-жыл үчүн 1,2 млрд сомду бюджеттик чыгашалардан оптималдаштырып жатат. Эскерте кетчү сөз: күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүдө мунун эч кандай залакасы тийбейт, тагыраак айтканда:
— техникалык жактан ремонт иштери толугу менен каржыланат,
— техникалык тейлөөлөргө коротулуучу чыгымдар эч кандай кыскартылбайт, толук төлөнөт.
В) Өкмөттүн 2020-жылдын 27-мартындагы токтому менен 2022-жылга чейин электр энергиясына жана жылуулук энергиясына болгон тариф өзгөрүүсүз калтырылган.
Ошол эле мезгилде балдардын социалдык мекемелерине (детдомдор) электр энергиясын колдонуу боюнча тарифтин арзандатылган, тагыраак айтканда: 1 кВт сааттын баасы 2,24 сомдон 1сом 58 тыйынга түшүрүлгөн.
Мындай тариф электромобилдерге да киргизилген.
Г) Кышка даярдыктарды көрүүдө 21-кылымга кирсек да, ушуга чейин электр энергиясы жетпеген айылдарга электр чубалгыларын тартуу иштери жүрүп жатат. Мисалы:
— Быйыл пандемиянын шартына карабастан, Базар-Коргон районунун Жазы-кечүү айылына “Жалал-Абад Электро” ишканасы 18 км алыс аралыктан свет тартып барды. Кубаттуулугу 160 кВА болгон 2 чоң трансформатор орнотулду. Буга 25 млн сом каражат жумшалды. Башкысы 150 үй-бүлө электр жарыгы менен камсыз болду. 1 үйдө 3-4төн жан бар деп эсептегенде 600 адамга жашоосун оңдогонго шарт түзүлдү.
— Мындан тышкары, Баткен районунун алыскы Зардалы айылы да 2021-жылы электр энергиясы менен камсыздалганы турат. Буюрса, жакынкы күндөрү электр мамычаларын тартуу жумуштары башталат.
Буга чейин Жумгал районунун Кең-Суу айылына, Аксы районунун Кызыл-Бейит айылдарына күн чырактар орнотулган.
Буюрса, бул иштер аягына чыгарылат.
Дагы бир жолу айтарыбыз – өзүңүздөрдү караңыздар!
Санитардык-эпидемиологиялык элементардуу эрежелерди сактаңыздар. Социалдык дистанцияны карманыңыздар.
Кыскача ушундай, көңүл бурганыңыздарга рахмат.