Бүгүн, 4-сентябрда, парламентке аттанган саясий партиялардын расмий үгүт ѳнѳктүгү башталды. Ал эми “Биримдик” партиясынын үгүт ѳнѳктүгүнүн ачылыш аземи салтанаттуу түрдө Жеңиш аянтынан старт алды. Иш-чарага партиянын лидерлери, тарапташтары жана партиянын жаштар канатынын ѳкүлдѳрү катышты.
“Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловдун орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Тѳрѳбай Зулпукаров өз сөзүндө партиянын негизделишине токтолуп, партия 2019-жылдын 10-сентябрында түптөлгөнүн, ошол учурдан тартып ѳз ишмердүүлүгүн баштаганын белгиледи. “Мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 4-октябрында парламенттин жетинчи чакырылышына шайланууга күчтүү команда менен расмийаттандык.Партиянын тизмесинде жаңы жүздөр, тажрыйбалуу саясатчылар бар. Биздин команда жалпы Кыргызстанды камтыган эң күчтүү команда десем жаңылышпайм”, — деди Зулпукаров. “Команданын негизги идеясы -Евразиялык тандоо. Анткени, кыргызэлинин басып өткөн тарыхына көз чаптырсак Орхон Енисейден тартып, Венгрияга чейин учурунда империя болуп турган. Ошондой эле Алтай-Ала-Тоо цивилизациясы Евразия чөлкөмүндө жашап жаткан жалпы улуттар менен тарыхы, карым-катнаш тамыры, экономикалык, социалдык көйгөйлөрдү бирге чечип жүргөнтарыхы бир”- деди ал.
“Биз алдыга койгон максатыбызда Евразия чөлкөмүндө жашаган кошуна мамлекеттер менен биргеликте келечекти түзө алабыз деген бир идеяны көздөдүк. Ошондуктан биздин катардагы уул-кыздарыбызды, жалпы кесипкөй инсандарыбызды жалпы кыргыз эли колдойт деген үмүтүбүз бар! Биздин бүгүнкү биринчи иш-чарабыз Жеңиш аянтынан башталып жатат, Кудай буйруса 4-октябрькүнү үгүт кампаниябыз дагы жеңиш менен жыйынтыкталат! “Биримдик” партиясы өлкөбүздүн экономикасын өргө сүрөйт деп ишенебиз. Келечектеги саясий-экономикалык туруктуулук – бул “Биримдик”!” — деп жыйынтыктады өз сөзүн Төрөбай Зулпукаров.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.