Домой Спорт Футболчулар Роналду, Месси, Неймар дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын катарында

Футболчулар Роналду, Месси, Неймар дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын катарында

71

Forbes журналы дүйнөдөгү бай адамдардын тизмегин такай жарыялап келишет. Бул жолу азыркы учурдун эң бай он адамынын тизмегин түзүштү. Алардын арасында футболсүйүүчүлөрдүн кумири Роналду, Месси жана Неймар да бар.

«Ювентус» клубунун жана Португалиянын курамасынын оюнчусу Роналду (105 млн доллар) төртүнчү сапка жайгашкан. Ал эми «Барселонанын» капитаны Лионель Месси (104 млн доллар) бешинчи сапка, «ПСЖ» клубунун футболчусу Неймар (95,5 млн доллар) жетинчи орунда.

Дүйнөдөгү эң бай 10 жылдыздарга төмөнкүлөр кирди:

  1. Кайли Женнер (модель) – 590 млн доллар
  2. Канье Уэст (рэпер) – 170 млн доллар
  3. Роджер Федерер (теннисчи) – 106,3 млн доллар
  4. Криштиану Роналду (футболчу) – 105 млн доллар
  5. Лионель Месси (футболчу) – 104 млн доллар
  6. Тайлер Перри (актер) – 97 млн доллар
  7. Неймар (футболчу) – 95,5 млн доллар
  8. Говард Стерн (алып баруучу) – 90 млн доллар
  9. Леброн Жеймс (баскетболчу) – 88,2 млн доллар
  10. Дуэйн Жонсон (актер) – 87,5 млн доллар.