Домой Саясат Садыр Жапаров: “Тышкы карыз төлөнбөсө көп объектилер ошол мамлекетке өтүп кетет…

Садыр Жапаров: “Тышкы карыз төлөнбөсө көп объектилер ошол мамлекетке өтүп кетет…

59

Кыргызстан алган карызын убагында кайтара албаса, бир топ объектинин башкаруучу ошол мамлекетке өтүп кетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Азаттык” радионсуна маек берип жатып билдирди.

“Мисалы, мамлекет менен мамлекеттин ортосунда келишим түзүлөт. “Төлөй албай калсаң же бир күн кечиктирсең, анда бул долбоорду мен алам” деп килишим түзүшөт. Мисалы, ЖЭБ, Түндү-Түштүк альтернативдик жолу, “Датка-Кемин”. Ушууларга алганбыз да, ушунун баарын (карыздын). Эгер убагында төлөй албасак, анда башкаруу ошол тарапка өтүп кетет деп кол коюлуп калган. Бул объектилер жетпесе, башкасын деле алганга укуктары бар. Эми бул жерде мурдагы бийлик ушундай деп кол коюп койгон экен. Келишимди кичине башкачараак түзсө болмок, жумшагыраак кылып. Бирок биз карызды убак-убагы менен төлөп берип жатабыз. Мына 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн доллар төлөшүбүз керек болчу, аны төлөп бердик. Каржы булактарын таап, ары жак-бери жактан кылып жатып төлөп бердик. Эми быйыл деле жыл аягына чейин жеңил төлөп кетүү үчүн ишенимдүү булактарыбыз”,-деди президент.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд 928,67 млн долларды түзөт. Мунун ичинен 4 млрд 220,31 млн доллары тышкы карыз, 708,36 млн доллар ички карыз. Эң көп карыз Кытай Экспорттук-импорттук банкынан алынган.