Домой Аналитика Кыргыз эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев дүйнө салды

Кыргыз эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев дүйнө салды

41

Кыргыз эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев дүйнө салды. Бул тууралуу Султан Раев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Кыргыз улут адабиятына титандык эмгек жасаган, улуттун унгу жузу, улуттун рух унгусу Бексултан агайбызды арабыздан жоготуп алып, арманыбыз көкүрөккө батпай турат. Доор – адамды, адам – доорду жаратат. Бексултан агай улуттук кайра жаралуунун доору эле. Кыргыз театрынын Бакайы, дайыма жашоосунда күрөшчүл духту туу кылып жашап өттү. Мыкты чыгармаларды жаратты. Улут театрын бийик деңгээлге көтөрдү. Мекенчилдик, чынчылдык, калыстык, акыйкаттуулук анын адамдык жашоосу эле. Жарандык сезими, духу бийик инсан катары Улуттук баалуулуктарды, дөөлөттөрдү сактоодо опол тоодой эмгек кылды. Кайран агайыбыз, сөздүн чыныгы маанисинде Баатырдык өмүр сүрдү, бирок чындыгынан жанган жок. Биз дайыма агайдын акыл кебине, улуулук насаатына конок берип өстүк. Артынан шакирттерди калтырды, узанган чулу оюн ар бир адам жүрөгүндө калтырды. Бүгүн биз кыргыз легендасын акыркы сапарга узатканы турабыз. Чыныгы Легендага айланган инсан өмүрү Түбөлүктүү!

Коош, агайым, устатым, улуу Устат!”,- деп билдирүү калтырган Султан Раев.

Өмүр баяны:

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Билими:

  • 1958 — Кыргыз мамлекеттик филология факультетин аяктаган. Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбеков анын курсташтары;
  • 1962 — Киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолу:

  • 1963-1968 — “Кыргызфильм” киностудиясында редактор;
  • 1968-1972 — Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор;
  • 1972-1975 — Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары;
  • 1988-1992 — КР президентинин мамлекеттик кеңешчиси;
  • 1992-1993 — “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору;
  • 1994-2000 — КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы.

Чыгармалары:

Жакиев коомчулукка “Атанын тагдыры” аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.

Жакиевдин “Миң кыял”, “Алтын аяк”, “Өкүм”, “Эртең – жаңы жыл”, “Жолугушуу”, “Күттүргөн жаз да келер”, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, “Жаза” жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.

Жазуучу 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Сыйлыктары:

  • 1974 — Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери;
  • 1989 — КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси;
  • 1993 — Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.
  • 1994 — Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты;
  • 1999 — Казакстандын Астана медалы менен сыйланган;

Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам — Кыргыз Эл Баатыры ыйгарылган.