Домой Коом Россияда Кыргызстандын жараны жол тескөөчүгө 60 миң рубль пара сунуштаганы үчүн кармалды

Россияда Кыргызстандын жараны жол тескөөчүгө 60 миң рубль пара сунуштаганы үчүн кармалды

36

Россиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандын жараны кармалды. Ал жол тескөөчүлөргө пара берүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары күч органдарындагы булактарына шилтеме берүү менен билдирди.

20-декабрь күнү эртең менен жол тескөөчүлөр «ВАЗ-2105» унаасын токтотушкан. Аны 44 жаштагы кыргызстандык айдоочу башкарып бара жаткан. ЖМКнын маалыматына караганда, айдоочу мас болчу, ошондуктан укук коргоо органдарынын кызматкерлери проткол толтуруп башташкан.

«Полиция кызматкерлеринин унаасында айдоочу протокол толтурбоо үчүн 60 миң рубль салынган конвертти сунган», – деп айтылат маалыматта.

Инспекторлор пара берип жаткан айдоочу жөнүндө полиция кызматкерлерине билдиришкен. Айдоочу кармалып, анын үстүнөн Россия Федерациясынын Жазык кодексинин 291-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат адамына пара берүү) менен кылмыш иши козголду.