Домой Кылмыш Пара алып кармалган Таалайбек Апенов кызматынан алынды

Пара алып кармалган Таалайбек Апенов кызматынан алынды

256

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Апенов Таалайбек Бекболотович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, Таалайбек Апенов пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

УКМК: КР Президентинин Администрациясынын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы кармалды