Домой Аналитика АКШнын эки сенатору Садыр Жапаровго «Азаттыкка» байланыштуу кат жолдошту

АКШнын эки сенатору Садыр Жапаровго «Азаттыкка» байланыштуу кат жолдошту

51

АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана «Азаттык» радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошту.

Бул тууралуу маалымат 20-январда Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин расмий интернет барагына чыкты.

Анда америкалык сенаторлор кыргыз өкмөтүн өзүнүн «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө «Азаттык» радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

«Биз Кыргызстандын жетекчилигинин Борбор Азиядагы эң эркин, көз карандысыз медиа мейкиндикти камсыз кылууда ойногон тарыхый ролун тааныйбыз. Бирок «Азаттык» радиосунун интернет сайтын белгисиз мөөнөткө бөгөттөө жана банк эсебин тоңдуруу чечими өлкөнүн Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин маягы деп таанылган эл аралык аброюна шек келтирет деп тынчсызданабыз. Мындай чечимдер сөз жана басма сөз эркиндигине байланыштуу эл аралык нормаларды гана эмес, өзүңүздүн Конституцияңыздагы бул эркиндиктердин кепилдигин да бузат», — деп жазышкан АКШ сенаторлору.

Алар Кыргызстандын басма сөз эркиндигин камсыз кылуу тууралуу милдеттемеси АКШ менен мамиледеги маанилүү элемент экенин белгилеп, 2022-жылдын октябрь айында «Азаттык» радиосунун имаратынын алдында өткөн митингде журналисттерге зордук-зомбулук көрсөтүүгө үндөгөн чакырыктарга, коркутууларга кабатырланып жатышканын билдиришти.

«Кыргыз өкмөтүн «Азаттык» радиосуна коюлган чектөөлөрдү токтоосуз алып салууга, эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарына мыйзамсыз чабуулдарды токтотууга жана журналисттерге карата зомбулукту, коркутууларды тыкыр иликтөөгө чакырабыз. Адам укуктарын жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча сиздин убадаңызды эске салуу менен биз сизди көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө, кыргыз журналисттеринин өз ишин өч алуудан коркпостон алып барышын камсыз кылууга чакырабыз», — деп жазышкан катта.

azattyk.kg