Домой Аналитика Журналист Ибрагим Нуракун уулу: Жеңиш бүлүк салгандардын катарында эмес

Журналист Ибрагим Нуракун уулу: Жеңиш бүлүк салгандардын катарында эмес

114

Түнкү эки жарым… Жеңиш мырза да ушул сааттарда абакта жатып алып бизди, эл-жерин, саясатты, үй-бүлөсүн, балдарын, келечегин ойлонуп уктабай олтурса керек. Жаш, курч, тайманбас жигит экенин байкап жүрөм. Бир-эки жолу “Парламентаризм сабактары” талкуусуна чакырып ошондон бери зиректигине баа берип кeлем. Менимче, анын камалышын куугунтук катары баалоо эрте. Сот баарына чекит койсо керек. Былтыр 5-6-октябрдагы окуяларда митингге катышып, алдыңкы сапта жүргөнү чын. Бирок, бүлүк салгандардын катарында эмес. Мамлекетти оор абалга кептегендер – добуш сатып алган бийликчил партиялар, олигархтар болбодубу. Жеңиш мырза ар убак адилеттик үчүн тикесинен тик турган, чындыкты тайманмай айткан саналуу саясатчылардын бири. Учурунда азыркы президент Садыр Жапаров түрмөдө адилетсиз олтурганын, мунун саясий иш экенин көп эле жолу айтып, “Замандаш” партиясынын лидери катары кайрылууларды жазганы бар. Издесе анын баары интернеттен табылат. Жеңиш менимче азыркы бийликке кас эмес. Тил табышып иштешип кетет. Соттон акталып чыгып, тирешүүлөрдү токтотуп, мамлекетибизди бутуна тургузууга бири-бирине арка жөлөк болот деп ишенем.
Жеңиш мырза, эр жигиттин башына не келбейт. Кайратыңыздан жазбай, ошол эле учурда колунда бийлиги барларга өчөшпөй, эрегишпей өнөктөшүп иштөөнү сизге каалар элем. Билем, сиз азыр орозо кармап олтурасыз. Орозоңуз кабыл болсун. Кечиримдүүлүк, сабырдуулук каалайм. Кудай буйруса баары жакшы болот. Эң негизгиси эл-жерибизде тынчтык, өнүгүү гана болуп турсун. Согуш, төңкөрүш-революция дегендер болбосун мындан ары. Мамлекетибиз бирөө эле, жерибиз бирөө эле. Ынтымакта жашайлы, мекендештерим.