Парламенттин 4 депутаты гана каршы добуш берди
Жогорку Кеңеш референдумду 10-январдагы президенттик шайлоо менен бир күндө өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алды. 63 депутат «макул», Наталья Никитенко, Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев жана Айсулуу Мамашова «каршы» деп добуш беришти.