Домой Коом Бишкектин транспорт башкармалыгынын эки жетекчиси кызматынан бошотулду

Бишкектин транспорт башкармалыгынын эки жетекчиси кызматынан бошотулду

82

Бишкектин транспорт башкармалыгынын жетекчилик кызматтагы эки өкүлү иштен алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат” жөнүндөгү мыйзамдарынын 46-беренесине ылайык, “Бишкек троллейбус башкармалыгы” ишканасынын жетекчиси Артур Өмүрзаков менен Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов кызматынан бошотулду.

Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон. Жаңы жетекчилер азырынча дайындала элек.

Эске салсак, Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Атыканов менен Өмүрзаков мэрия коомдук транспорт үчүн жол кире акысы жогорулашы мүмкүн экенин айтышкан.