Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын (ТЮЗ) таланттуу актрисасы Айнура Эсеналиева менен жеке жашоосу, чыгармачылыгы туурасында кенен баарлашып кайттым.
“Сумкаларды тизип алып сабак өтчүмүн”
— Бала кезимен эле актрисалык кесипти кыялданып келгем. Кинолордон Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаеваларды көргөндө алардай болуп ойногум келчү. Өзүм 10 бир туугандын тогузунчусумун. Эжелерим, байкелеримдин сумкаларын тизип алып концерт коюп, сабак өтүп, Сабира Күмүшалиеванын урушкан ролдорун аткарып, сумкаларды урушуп ойногонду жакшы көрчүмүн. Майрамдар болгондо иним, эжем үчөөбүз ата-энебизге концерт коюп, шейшепти тартып алып көшөгө кылып интермедия койчубуз. Мектепке барган күндөн тарта коомдук иштерине активдүү катыша баштагам. Мектептер аралык КВНдерге такай катышып, команданын капитаны болчумун. Ошол убакта Динара Акулованын “Тоо булагы”, Айчүрөк Иманалиеванын “Роза гүлүн” ырдап аларды туураар элем. Комуз чертчүмүн. Апамдар кол өнөрчүлүк, шахмат ийримдерине беришкен.
“Балалыгым жайлоо менен кыштоодо өттү”
— Өзүм кереметтүү Нарын жергесинин Жан-Булак деген айылынан болом. Мектепти Нарын шаарынан бүттүм. Ата-энем чабан болгондуктан, жайкы каникулда жайлоого барып Аксай, Арпага чейин кыдырып келчүбүз, кышкысын кыштоодо жүрдүк. Кышкысын Нарынга кар укмуш түшчү. Тизеден өйдө келген карды кечип алып, кыштоодогу малды айдап келгенге жөнөчүбүз. Атам: “Койду ким сугарып келсеӊ акча берем”, — деп бизди кызыктырчу. 1-класска кире элек кезим, бир күнү эшекти минип, миӊден ашык койду айдап алып булакка сугарганга жөнөдүм. Булактан келатканда баягы эшегим баспай коюп жатпайбы. Мен отуруп алып эшегим баспай койду, эми койду кантип айдайм деп ыйлап жатсам, койлор көнүп калыптыр, үйгө өздөрү барышкан.
— Жолдошум экөөбүз театрда чогуу иштейбиз. Ал музыка бөлүмүнүн башчысы, спектаклдерге музыка тандап коет. Нарын Мамлекеттик университетинин музыка факультетинде аккордеон, фортепионону бүткөн. Кийин шаардагы Абдымомунов атындагы училищада актёрлук кесипти чогуу бүттүк. Жолдошум менен Нарын драм театрында иштеп жүрүп таанышып, жылдызыбыз келишип калып 1999-жылы баш коштук. 3 эркек 1 кызды тарбиялап келебиз. Балдарымдын үчөө студент, бири программист, бири салык кызматында иштейт, кызым дизайнер жагында окуп иштейт. Кичүүсү быйыл 1-класска барды.
“Обо эненин ролун 18 жашымда ойногом”
— Алгачкы ролум Нарын драм театрында иштеп жүргөндө Жалил Садыковдун “Адам ата, Обо эне” деген спектаклиндеги башкы роль — Обо эненин ролу болгон. Апапак үлбүрөгөн назик кездемеден Обо эненин көйнөгүн тигишти. Ролду ойноп бүтүп сахнадан түшүп келе жатканда люктар бар болчу ага түшүп, кайра сахнанын үстүнө чыгыш керек эле. Люкка түшүп баратып көйнөгүмдү айрып алып, шаша-буша жамап чыкканым эсимде. Ойлоп көрсөм ал ролду 18 жашымда ойноптурмун. 2000-жылга чейин аталган театрда башкы ролдордо ойноп келдим.
“Дүйшөн Байдөбөтов ойногон спекталге массовкага чыкканыма сыймыктанчумун”
— Нарында иштеп жүргөндө Тамара Жумакаева, Бермет Өмүрова, Эсенгелди Сатаев, Нурдин Калыбековдор менен чогуу сахнада ойнодум. Студент кезде Кыргыз драмдын ар бир коюлган спектаклине бизди практика катары массовкага чыгарчу. Ошол кезде Күнболот Досумбаев, Дүйшөн Байдөбөтовдор ойногон спектаклдерде массовкага чыкканыбызга сыймыктанып жүрчүбүз. Азыр бизде ТЮЗда биздин Назира Мамбетова эже менен өнөк болуп ойноп жүрөм. Раматылык Марат Жанталиев менен да көп ойноп калдым.
“Комедия, драма, трагедиясын дагы театрда ойноп келе жатабыз”
— Мага берилген ар бир ролду кадырлап сүйүп, жакшы ойногонго аракет кылам. Аткарган ар бир ролумду жакшы көрөм, роль тандабайм. Комедия, драма, трагедиясын дагы театрда ойноп келе жатабыз. Мага Каныкейдин, Кызсайкалдын ролун ойносоӊ жакшы жарашат, — деп айтышат. ТЮЗ жаштардын театры болгон үчүн бизде андай көлөмдүү спектаклдер азыр коюла элек.
“Бир образды жаратууга 3 ай кетет”
— Бир эле образды чыгарыш үчүн кээде 3 айга чейин даярданабыз. Анын характери, жашы, кыймыл-аракетин алып чыгыш үчүн абдан көп изденип, эмгектенебиз. А кинодо 1-2 ашып кетсе 4 кадр менен кандай ойносоӊ ошол боюнча калат. Жандуу болгон үчүн театр жүрөгүмө жакын. Ар бир образды кайра-кайра кайталап, роль, текст, образ бизге сиӊип чыгаргычакты бир топ убакыт. Ошол 3 ай эмгектенген мээнетибиз 1 сааттык.
“План Б” тасмасынан кийин режиссёрлор негедир тажаал аялдардын образына чакырып жатышат”
— “План Б” тасмасында Нурайым деген алкаш күйөөсүн кызганган аялдын образына чакырганда тартылып кеткем. Кийинки жылы режиссёр “Такебай” тасмасында ошондой эпизодду ойноп бербейсизби, Асема менен согушасыз деп күлүп калды. Баят базарындагы эт саткан жерден тартылганбыз. Карантинде “Таӊ алдында” сериалында куда келгенде тосуп алган жеӊенин образын жараттым. “План Б” тасмасынан кийин режиссёрлор негедир тажаал аялдардын образына чакырып жатышат. Кечке эле тажаал аялдын ролун ойной бергенден тажайт экенсиӊ. Кээ бирөөнүн андай сунушунан баш тарттым. Мага татынакай эле роль бергилечи деп күлүп калам.
“Текст жаттоодон кыйналбайм”
— Текстти сахнадан жаттаганды жакшы көрөм. Кайра-кайра даярданганда текст сиӊет. Ошондуктан, текст жаттодон көп кыйналбайм. Үйгө келип алып текстти канча жолу жаттап барсам дагы сиӊмейинче унутуп каласыӊ. Кинолордон 1-2 айтканда эле илип алам.
Төлөбүбү Касымалиева
Булак: Багыт гезити