Асыл максаттарыбызды айталы, айткан соӊ аткаралы (Уинстон Черчилль).
Алмаз Бейшеналиев мырза кыйын кырдаалда министрлик кызматын жаӊы өтөй баштады. Жаштарыбыздын он жыл мектепте, атайын орто окуу жайында, жогорку окуу жайында окуп, функционалдык билимден кур жалак чыкканы аз келгенсип, билимдин баркы кетип, илимдин кунары качып, акыл-ойго байланышкан баалуулуктар девальвация болгон кезде билим берүү жана илим тармагында саясатты аныктап, ишке ашыруу озуйпасы жүктөлүп отурат. Бирок кыйчалыш кезде иштөөнүн өз бактысы, тарыхый миссиясы бар. Илим-билимди улагадан төргө чыгарууда ушул министрликтин орду талашсыз. 30 жылдан бери ордун таппай, улам бир жактан сүйрөп келген моделдерди эптей албай, базарга айланган билим берүүнү иретке келтирүү, чаржайыт процесстен артта калып, окуяларды ээрчибестен өнүгүү парадигмасын аныктоо, көч баштоо зор интеллекти, тынымсыз аракетти жана кашкөйлүктү талап кылат. «Чү» дегенде эле сындабай, ишине ийгилик каалайлы, жардам берели.
Санариптештиребиз деп башка элдер эбак бараткан поюзга отуралы деп эми далалат кылуудабыз. Ар нерсенин оӊ-терси болмогу анык. Таажыны өзүбүз кийгизип алган илдет аралыктан, онлайн окутууну актуалдаштырды. Даярыбыз да, даяр эместерибиз да, айтор баарыбыз күргүштөп кирип бардык. Окумуш этип, окутумуш болуп жатабыз. Албетте, дурус тажрыйбалар да топтолуп калса керек. Кемчиликтерибиз да арбын. Совет заманында жогорку окуу жайларынын доценттери, профессорлору элетке байма-бай каттап, айылдык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу максатында атайы курстарды окутуп, мектептерде көрсөтмөлүү сабактарды өтүп келишкен.
Бул тажрыйбаны эски системадан кутулабыз деген шылтоо менен жерип салдык. Униврситеттер менен мектептердин байланышы, тажрыйба алмашуу, илимий-методикалык алакалардын зыяны бар беле? Жок, албетте.
Чыгаан окумуштуулар студенттерге, көпчүлүккө лекцияларын окуп келишкен. Иван Павлов 1918-жылы Петроградда лекциялар курсун эл алдында окуган. Ал өзүнүн «О русском уме» деген атактуу лекциясын Нобель сыйлыгын алгандан кийин манчыркап калбастан карапайым элге ачык аудиторияда окуп, «Эркиндик акылдын сапаты, чыныгы эркиндик — акыл-ойдун эркиндиги» деген идеясын жарыялаган.
Альберт Эйнштейн да Калифорния университетинде иштебесе да ушул окуу жайында атайы лекциялар курсун окуп, салыштырмалуулук теориясын эле какшай бербестен, Батыш цивилизациясынын оош-кыйыш тагдыры, окумуштуунун жоопкерчилиги тууралуу орошон ойлорун билдирген.
Уинстон Черчилль идеологиялык, саясий жана экономикалык антагонисттик системалардын жаӊы тирешинен улам кансыз согуш башталганын жана күчөөрү жөнүндө Фултондогу атактуу сөзүн Вестминстр колледжинде сүйлөгөн.
Компьютердик технологиялар көчүн баштап, санариптик доордун анабашында турган инсандардын бири Стив Джобс атак-даӊк менен байлыкка жетишкен кезде Стэнфорд университетинде лекция окуган. Билл Гейтс да студенттик аудиториянын сүйүктүү лектору болгон.
Ливиянын бир кезектеги лидери Муамар Каддафи 2007-жылы Оксфорд университетинде лекция окуп, Африка үчүн келечектеги кармашта дүйнөнүн каалаган өлкөсүндө каалаган режимди орнотууга кудурети жетиштүү Америка эмес, акыры Кытай жеӊээрин, анын таасири улам артаарын белгилеген. Демек, мейли саясатта, мейли бизнесте, мейли илимде болсун чыгаан инсандар билим берүү тармагынан кол үзбөй, орошон ойлорун, көрүнүктүү идеяларын студенттер менен бөлүшкөн.
Тарыхта мисалдар өтө арбын. Бизде андай болбоду, тилекке каршы. Биз жогоруда мисал келтирген интеллектуалдык традиция калыптанбады. Академик президентибиз бир лекция окуганга жарабады. Андан кийинкисинин интеллекти жеткен жок. Калгандары аны каалабады да кыла албады. Кызматтан кеткен соӊку эки мамлекет башчысына жана 3 өкмөт башчысына алыстан да, жакындан да, тике да, кыйыр да сунуштадым, не бирөө даабады, колунан келбеди. Бирок алардын ар бири кай бир университеттердин ардактуу профессору наамын алып жүрүштү. Лекцияны койдум, алдыдагы максаттарыӊарды келечек ээлеринин алдына барып, жарыялап койгулачы дегениме ынабады. Туура эле болуптур. Окубай ак койгону жакшы болгон экен. Кай акылды айтышмак, дээринде жок болсо, эмнени үйрөтмөк, кылганы жарашпаса.
Кыргызстанда 900 чукул илимдин доктору, 3900 ашык кандидаты бар учурда. Албетте, алардын ар бири өз окуу жайында же илимий мекемесинде эмгектенип жатса керек. Балким он-лайн режиминде мыкты лекцияларын окуп, семинарларын өтүп жаткандыр. Ийгилик каалайбыз. Бирок 60 чукул жогорку окуу жайларынын ректорлору бир-эки видеосабак, видеолекция окуп, калган мугалимдерге методикалык үлгү, тажрыйба катары көмөк көрсөтсө жакшы болоор эле. Албетте, ар бир ректор өз университетинде профессор катары лекция окуп жаткандыр.
Ошентсе да алардын айрымдары (кесиби ылайык келгендери) элет окуучулары, студенттер үчүн жеткиликтүү платформада сабак өтсө педагогдорго, элет мугалимдерине да сабак болбойт беле, атаганат. Министр мырза билимдүү жигит экенин, аралыктан окутуу кандай болоорун көрсөтүп, өзү баш болуп бир-эки видеосабак өткөнгө неге болбосун. Эӊ сонун болот. Маалымат албуут, чакчалакей аккан ушул заманда аудиториянын көӊүлүн буруу жана 45 мүнөт бою кармап туруу оор дешет. Билим берүүнүн төрт негизги классикалык фактору — интенция (ички каалоо), мотивация, программа жана практиканын баары биригип жана ар бири өз алдынча кандай аракеттенип жатканын, аралыктан окутуу шартында кандай жагдайлар бар экенин тереӊ изилдөө керек. Чындыктын жападан жалгыз критерийи турмуш.
Демек министр өзү ушул шартта, биздин кырдаалда окуучулар үчүн аралыктан сабак өтсө, анан окуу жайлардын жетекчилери, ардак наамы арбын сыйлуу окумуштуулар ушул кезде аралыктан окутууга батыл аралашып, жугумдуу, сиӊимдүү сабак өтө алаарын коомчулукка көрсөтөөр эле. Билгенин үйрөтмөк, баланча деген окумуштуунун сабагын алдым эле деп бала да сыймыктанмак. Ушундай практикалык, дистанттык сабактардан лекторлор үчүн да, жалпы педагогикалык коомчулук үчүн да тиешелүү педагогикалык тажрыйбалар, методикалык ой-пикирлер, тыянактар, табылгалар жаралмак деп эсептейм.
Коомдук ишмер Алмаз Кулматов