Домой Пайдалуу кеңеш Пайдалуу азыктар: бадыраң, малина, киви, дарбыз, калемпир

Пайдалуу азыктар: бадыраң, малина, киви, дарбыз, калемпир

4607

бадыран

Бадыраң

Огороддон жаңы үзүлгөн бадыраң жайкы дасторкон үчүн эң сонун азык. Бадыраң 90 пайыз суудан туруп, анда кальций, С витамини жана минералдык туздар бар. Аны тузу жок жеген жакшы. Туз кошуп жегенде туздуу бадыраң организмде туздардын чогулуп калышын шарттап, бул болсо колу-буттун шишип калуусуна алып келет.

 

Малина

малинаМалина мөмөсү курамына алма, салицил, кумурска кычкылын, глюкоза, кант, пектин, азот жана калий, жез, ацетоин, С витаминин жана эфир майларын камтып, анын жаңы бышкан мөмөлөрү суусунду жакшы кандырып, тамак сиңирүүнү жеңилдетет. Малина дененин ысышын басаңдатып, организмден уулуу заттарды чыгара алат. Андагы жез затынын молдугу маанайдын көтөрүңкү болушун шарттайт.

 

Киви

кивиБул жапжашыл болгон таттуу мөмө С витаминине гана бай болбостон, андагы кальций затынын көптүгүнө байланыштуу организмди ысыкта суудан өксүп калышынан сактайт. Киви андан башка да жүрөктүн согушу менен кан басымдын өлчөмүн жөнгө салып турат. Аны жемиш салаттарына кошуп же болбосо эрте мененки нанүштөдөгү тамакка кошуп жеген туура.

 

Дарбыз

дарбызЖайкы чаңкоону эң сонун кандырып, организмге күч-кубат берип, андагы уулуу заттардын чыгышына себеп болуучу дагы бир жайкы тамак бул – албетте дарбыз.

Дарбыз 90 пайыз суудан туруп, калориясы абдан аз, демек аны айымдар толуп кетебиз деп коркпостон каалашынча жешсе болот. Дарбызда пектин, каротин, жез, никель, аскорбин кислотасы, витамин В1, В2, С жана фолий кычкылы кездешет.

 

Болгар калемпири

Бул жемиште С, В1, В2, В9 витаминдери жана каротин заты бар. Витаминдерге молдугу жагынан болгар калемпири лимон менен кара карагаттан да ашып өтөт. Курамындагы кальций, магний, йод, кобальт сыяктуу адам организмине пайдалуу заттардын молдугу үчүн аны тамакка колдонуу каны аздыкта, иммунитеттин төмөндүгүндө, чач түшүүдө жакшы жардам берет.