Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургундары, башкача айтканда айылдын 5 муундан турган, 18-40 жашка чейинки атуулдары өз алдынча биргелешип “Кара-Суу жаштар уюму” деп аталган топ түзүшүп, айылды өнүктүрүүнү башкы максат кылып иштеп келишет.
Жылда уюмга жаңы өсүп келе жаткан таланттуу, патриот жаш муундар кошулуп турат. Бул уюм буга чейин эки жыл мамлекеттик каттоодон өтпөй иштеп келишсе, 2015-жылдын 18-октябрында расмий түрдө мамлекеттик каттоодон өтүп күчүнө кирди.
“Кара-Суу жаштар уюму” коомдук фонду үч тармактуу башкаруу системасында жүргүзүлөт.
Уюмдун президенти , төрагасы Батталов Адилет, Байкоочу кеңеши Сыдыков Мирлан.
Уюм жети тармакта иш алып барат: ден соолук, дене тарбия жана спорт, билим жана маданият, социалдык колдоо, тышкы байланыш жана миграция, долбоор жана ишмердүүлүктү өнүктүрүү, айыл чарба жана экология, коопсуздук, коомдук тартип жана укук коргоо, басма сөз жана маалымат.
Ар бир тармакты айылдын алдыңкы атуулдары жетектеп иш алып барышат. Уюмдун өкүлдөрү спорт жаатында да иштерди алып барышып жаштардын бош убактыларында спорт менен алектенишине көмөктөшүп футбол, баскетбол боюнча айылдык мелдештерди, улуттук оюндардан көкбөрү, ордо оюндарын да уюштуруп берип келишет. Мындан тышкары, айылдын уулу, атактуу спортчу Эмил Токтогонов менен биргеликте биринчи жолку эл аралык Грэпплинг күрөшүн айтылуу манасчы Шапак Рысмендеевге арнап өткөрүштү. Эрежесиз эр мушташ боюнча да республикалык деңгээлдеги мушташтарда көптөгөн байгелүү орундарды алып келишет.
Ал эми билим жана маданият тармагындагылар да жаңы жылда, ар кандай майрамдарда элге майрамдык маанай тартуулашып, мектеп менен биргеликте концерт, КВНдерди өткөрүп жүрүшөт.
Социалдык колдоо жана тышкы байланыш тармагында айылдын тургуну, эки бөйрөгүнөн жабыркаган Мокушов Кенжебек Абталиевге уюмдун атынан 15000 сом акчалай жардам бергендиги кубандырбай койбойт. Айылдын мечитине да кайдыгер карабай жылуулук системасын киргизүүдө өз салымдарын кошушкандыгын белгилей кетсе болот. Жана дагы жаңы жыл, 1-июнь Балдар күнүндө айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белек берип келишет. Ошондой эле айылдын чет жерде иштеген атуулдары да четте калбай “Кара-Суу жаштар уюму” коомдук фонду менен биргеликте социалдык колдоолорго спонсорлук кылышат.
Коомдук тартип жана укук коргоо бөлүмү да айыл ичинде жигердүү иштеп айылдын тынчтыгын сакташып, майрамдарда рейддерди жүргүзүшүп, коомдук тартипти бузгандарды тартипке чакырышат. Айылдын жаштары бири-бирин тартипке чакырып, ынтымакта болуп жатышкандыгы улуу муундарды кубандырып келет.
Айыл чарба жана экология боюнча уюмдун эмгекчил жаштары 5 гектар жер иштетишип, алган түшүмдөрүн уюмдун керектөөлөрүнө жана ар кандай коомдук иштерге, социалдык колдоолорго жумшап келишет. Ошондой эле айылды жашылдандыруу, көрктөндүрүүгө, айылдын тазалыгын сактоого чакырышып, жазында бир айлык жарыялашып, көчөттөрдү отургузушуп, таштанды, арыктарды тазалоо иштерин алып барышат. Ошону менен катар долбоор жана ишмердүүлүктү өнүктүрүүдө да активдүүлүгүн көргөзүп келишет. Былтыркы жылда Саралаев Салаваттын колдоосу менен “Кара-Суу жаштар уюму” коомдук фондуна компьютер алынып келинген. АРИС, ПРООН, “Кызыл крест жана Кызыл жарым ай” проекттери менен иш алып барууда жаштар өз салымдарын кошуп келишет. Басма сөз жана социалдык маалымат тармагы да айыл үчүн чоң мааниге ээ. Сайпидинов Кубанычбек, Каттообек улуу Аким айылдын ар тарапта жашаган социалдык колдонуучуларын айылдагы саамалык иштер менен кабардар кылышып, патриоттуулукка, айылды сүйүүгө чакырган ар кандай көрнөк-жарнактарды байма-бай жүктөп келишет. Мындай көрүнүш жаштарга чоң таасир берип, кубануу менен туулуп-өскөн айылына болгон сунуштарын, ой-пикирлерин айтууга көмөктөшөт. Кээ бир айлык алып жарытылуу иш кылбагандарга караганда, айлык албаса да жигердүү иштеген агаларыбыз менен сыймыктанабыз.
Анарбек кызы Салтанат