КСДПнын 21-июнда өткөн Саясый кеңешинин отурумунда эки маселе каралды. Бул тууралуу аталган партиянын Саясый кеңешинин мүчөсү, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев орус тилдүү маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде билдирди.
“Биринчи маселе – партиянын төрагасынын жаңы биринчи орун басарын шайлоо болду. Саясый кеңеш бул орунга Фарид Ниязовду шайлады. Экинчи маселе – партиянын курултайынын мөөнөтүн аныктоого арналган. Биз партиянын курултайын 15-июлда өткөрүү чечимин кабыл алдык. Бул биз үчүн ыңгайлуу”, — деди О.Артыкбаев.
Анын айтымында, Саясый кеңештин Сооронбай Жээнбековдон бөлөк талапкерди 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого жылдыруу ниети жок. “Саясый кеңештин мурдагы отурумунда президенттике Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жылдырганбыз. Саясый кеңеш эми анын талапкерлигин курултайга алып чыгат, анын талапкерлиги курултайда бекитилет деп ишенем”, — деп белгиледи Осмонбек Артыкбаев. cheap lipitor usa.