Маалымат каражаттарында кээде ат койгучтар пайда боло калышат. Тапкычтыгы менен кайкалап кеткиси бар алардын. Бирок, көп учурда койгон каймана аттары заманга коошпой калганы деле бар. Ошентсе да азыр кой деген кожо болбогон соў ар ким каалагандай чоорун тартат экен.
where can i buy misoprostol. Кезинде таластык бир тапан кичинекей Кетмен-Төбөдөн эле үч министр билгениндей иштеп жатат. Булардын эмне таянган тоосу бийикпи деп сугун арткан. Көз тийдиби, же оомат кете баштадыбы эми бир эле депутаты калды Осмонбек Артыкбаев деген. Аны да улам этегинен тарткылап, келекелегиси келишет тигилердин. Бир туруп, Айболит дешсе, эсине келгенде Светчи аке деп тилин чайнап калышат. Негизи Осмонбек жакшы аракет жасоодо. Таш-Көмүрдөгү,Кара-Көлдөгү, Токтогулдагы шайлоочулары менен тез жолугуп, бышкан маселени жеринен чечүүгө умтулат. Кезинде ушул аймактардан эң көп добуш топтоп, башка партиялардын алдында марага байгелүү келген. Өткөндө тирүү калган согуш ардагерлерине сыйын көрсөтүп келди. Айрым депутаттар бир ордунан жылбай эле отурушпайбы? Аларга караганда Артыкбаевдин салмагы алда канча бараандуу. Жөн эле пиар кылууну ал көздөбөйт. Ошондуктан оң сапаттарын деле айтып коёлу деди