Азыр Кыргызстанда жумурай-журттун баары эле инвестор издөө менен алек. Эң чоң «издөө» орустар Жогорку Нарын электрстанциялар каскадын куруп-курбай турган маселе көтөрүлгөндөн кийин болуп жатат. Андан мурун президент Атамбаев араб өлкөлөрүндөгү сапарында инвестор болгула деп ал жактагы бир топ ишкерлерге кайрылып да келген. «Мен Англиядан да, башка жерден да инвестиция табам» деген мурунку премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин убадасы «жел убада» болуп баскан жолдо калды.
Болуптур, инвестор табылып, ал жакшы тилек менен Кыргызстанга келди дейли. Ошондо анын жолу кандай уланат?
Инвестор келерден мурда биздин тарап аларга бардык шартты түзүп беребиз деп өтө эле көп убадаларын берет. Тиги-бу документтер бат эле бүтүп, анан акча которулат. Дал ушул жерден инвесторлордун көңүлү кала баштайт. Инвестицияланган ишкана иштей баштаганда баягы чиновниктер четинен келип, акчадан бөлүшпөсөң баланча деген маселеге кабыласың деп чөнтөгүн кенен тосуп турат экен. Тигинин айласы жок берет. Бербесе, ишканага салган далай акчасы талаага кеткени турат.
Инвестицияланган ишкана, маселен кен казган, өлкөбүздүн кайсы бир жеринде иштейт да. Анан ошол жерде ишкана курула баштагандан эле жергиликтүү бийлик, бөтөнчө айылдык «ооздуксуз» активисттер, «силер баланчаны жасагыла, түкүнчөнү бүтүргүлө» деп тигилерден акча талап кыла баштайт. Көнбөсө, кутурган балдар ат ойнотуп, тигилердин башына камчы үйрүп кетиши мүмкүн, жол тосулуп, техникалар талкаланып ж.б. аракеттер менен ишке тоскоол болот.
Инвестор ишин баштагандан кийин республикалык, облустук, райондук, жергиликтүү бийликтегилер менен дурус мамиледе болушу керек. Ал мамиле тигилерге берилген акчага жараша болот. Айла жок, акча берилет. Ал эми инвестор «тойдум байдын кызына» деп туруп басып кетсе, анда алардын кетишин шарттаган чиновниктер эч кандай жооп бербейт. Инвесторду күнөөлөйт да алардын алган акчасын коротуу аракетинде болот. Инвесторду ким алып келди, алар эмне үчүн жакшы башталган ишин улантпай кетип калды деп тыкыр иликтеп, жооптуулардын жон терисинен кайыш тилчү бирөө жок. Тиешелүү кызматтагыларга инвестиция тартуу мамлекетибиздин экономикасын өстүрүүгө, элдин жашоо-турмушун жакшыртууга, жалпы турмуштун гүлдөп турушуна өбөлгө болсун дегенге эмес, ошол инвестициянын аркасы менен бир нерсе өндүрүп калайын дегени үчүн эле керек. Тилектери ташка тийип, кылганы башка тийип, абактарда чирисе дурус болбойт беле!
Кээ бир кытай жана түрк инвесторлору биздин жерди тебелеп-тепсеп, бизди эл катары көрбөй турган учур да жок эмес. Дале болсо, биздин «таш менен урса, аш менен уруп» турган былжырак адатыбыздын залакасы. Көпкөн кытайлыктарың биздин милийсаларга кол салганы, келин-кыздарыбыга тийишкенин эстейли… Түрктөр болсо, кээси менен каалаганын кылат, кыз зордуктайт, бирөөнү сабап коөт ж.б. Алардын коркпогону ушул: ар биринин артында кыргыз бийлиги тараптан «крыша» бар, чоң акча менен тоюнуп турчу. Мындай көрүнүштү токтотууга да жол жок болуп турат. Ал жолду издечүлөр өздөрү тескери жолдо болуп кудай урубатпайбы!
Ушул жерден бир маселени айта кетеличи. Баарыбызга белгилүү, «Кумтөр» маселесинде адегенде Акаевдин, кийин Бакиевдердин айбандыгынын айынан миллиондогон долларга алданып келебиз. «Кумтөр» кени биздин бюджетти толтурган эбегейсиз зор көлөмдөгү акчаны табат. Ал жөнүндө «Вечерний Бишек» менен «Дело №» деген гезиттер кайра-кайра жазгандан тажабайт. Бирок, алар бир нерсени айтпайт: эгерде кыргыз тарап алданбаганда, канадалыктардын аздап абийири болгондо, бизге дагы толгон киреше түшмөк. Ошол түшпөй жаткан каражат жөнүндө, биздин алданып келатканыбыз жөнүндө аталган гезиттер ооз ачып койбойт! Булардын «сасык саясатында» кыргыз тарап жөндөн-жөн эле нааразы болуп жатат экен. Анткени, канадалыктардан акчалай жардам алып турушат.
Инвестиция маселесин мамлекеттик деңгээлде дагы бир тескеп, кыргыз кызыкчылыгын биринчи орунга койгон мыйзам иштелип чыкпаса болбойт. Баса, сүйлөсө түз эле асмандын башынан кеткен байларыбыз Өмүрбек Бабанов, Аскар Салымбеков, Акылбек Жапаров, Чыныбай Турсунбеков, Азамат Арапбаев, Осмонбек Артыкбаев, Бакыт Төрөбаев, Марат Султанов, Камчыбек Жолдошбаев, Алтынбек Сулайманов, Аскарбек Шадиев, Исхак Пирматов, Кубанычбек Жумалиев сыяктуулар эмне үчүн өз элине инвестор болуп бербейт?!
Евразиялык биримдиктин абалы кандай?
Аталган биримдик мурунку Бажы биримдигине караганда интеграция жагынан бир топ эле өнүккөн. Айталы, Бажы биримдигинде ага мүчө болгон мамлекеттер бажы тармагын гана жалпылаштырып келсе, Евразиялык биримдикте капиталдын, товардын, элге кызмат көрсөтүү жана жумушчу күчүн пайдалануу жалпы болот. Бул биз окшогон чакан өлкөгө пайдалуу экендигин экономисттер изилдеп чыгышкан. Азырынча, пландагыдай иш-чаралардын баары ар кандай себептер менен аткарылбай, биздин экспорт таптакыр эле төмөн түшүп кетти. Ошондон улам бул биримдик жакшылык алып келе албайт дегендер көбөйүп жатат. Бирок, бара-бара иш оң жагына оойт дегенге ишендирген изилдөөлөр да бар.
2015-жылдын 11 айында Кыргызстандын Евразиялык биримдиктеги мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүүсү 21,5 %га кыскарган.
Сирияда согуштук аракеттерге катышып жаткан Россиянын истребители атылып түшүрүлгөндөн кийин орус-түрк мамилеси кескин өзгөрүлүп, азыр «эң жаман» сынында турат. Мына ошол кагылыштан кийин түрктөр менен экономикалык алакасы бар Борбордук Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Евразиялык биримдикке кирген Казакстан, Кыргызстан үчүн оор абал жаралды. Эксперттердин айтуусунда аталган окуядан кийин Казакстан катуу тоскоолдуктарга дуушар болду. Түркия соода-сатык жагынан Казакстандын дүйнөдөгү бешинчи, ал эми Борбор Азиядагы экинчи кызматташ өлкөсү болот тура. Анан Россияда казактарга транзит менен бараткан түрк товарлары өз жеринен өтүп баратканда бажы кызматы тарабынан катуу текшерилип, аларды көп мөөнөт кармап өткөрбөй азабын берди дейт. Ошондой кырдаалда Казакстан лидери Нурсултан Назарбаев чыдамдуулук менен аракет кылыптыр го. 12-февралда Назарбаев Евразиялык биримдикке кирген өлкөлөрдүн жетекчилигине кайрылып, 2016-жылды Евразиялык биримдикке кирген өлкөлөрдүн үчүнчү бир өлкөлөр менен экономикалык байланыш жылы кылалы деген сунушту айтыптыр. Назарбаев: «Евразиялык биримдикке кирген өлкөлөрдүн кимиси болбосун, үчүнчү бир өлкөгө жасаган мамилеси евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө таасирин тийгизбесин» — дегенди айтат. Байкап-баам салсаңыз, бул кептин Россияга түздөн-түз багышталып жатканы дааналанат. Ырас да, Россия менен Түркиянын бузулган мамилеси Кыргызстан менен Казакстанга таасир бербеши керек да. Биздин да, казактардын да түрктөр менен өз ара мамилеси бар эмеспи…
Кыргызстан 2015-жылдын июлунан бери Евразиялык биримдиктин толук кандуу мүчөсү. Ошондон бери кыргызстандык жарандар улуксат кагазы, патенти жок эле Россияга барып иштей беришет. Россияга барып иштеген Кыргызстан жарандарынын саны былтыр 2014-жылга караганда 7,2%га өсүптүр. Улуксат кагазың, патентиң кана деп кармалып, милийса коррупционерлеринен кордук көрчү кыргызстандыктар эми ээн-эркин басып калышты.
Кез-кези менен «азуу көрсөтүп» туруу керектир…
Нарын электростанциялар каскадын куруу боюнча Россия менен болгон келишимдин шарттарын өзгөртүүнү көздөгөн Россиянын көзүн карап олтурбай биздин мамлекет ал келишимди жокко чыгарабыз дегендей кылды эле, орус тарап чочуган түр көрсөттү. Кыргызстан жогоруда айтылган оюн жарыялап чыгары менен Россиянын ТИМинин өкүлү «Кыргызстан менен болгон мамиле эч качын бузулбасын, тескерисинче, өнүгүп турганын» кайра-кайра айтып турду. Ошондон соң бизге ой кетет экен, «биз деле «киши» турбайбызбы, кез-кези менен «азууну көрсөтүп» туруунун пайдасы болот турбайбы» деген. Туура, 1864-жылы Россияга өз ыктыярыбыз менен кошулганбыз деген «жомокту» тарых чындыгы кылып аргасыз мыйзамдаштырдык да жашап келдик. Ошондон бери кыргыз-менен орустун байланышы таңууланган мүнөздө болсо да «жытыбыз сиңишип» калган. Шовинисттик «жыты буркурап», жасалмасы, зордугу болгону менен ушул азыр эки улуттун жалпылыгы бир топ эле бар. Экинчиден, экономикалык жактан алганда биздин мамлекет Россиясыз жашоосу дурус уланышы мүмкүн эмес. Аны моюнга албаска чарабыз жок. Демек, кандай абал болсо да, кандай эркиндик келсе да, орустун колтугунан чыга албасыбыз айкын. Ошондон улам АКШ менен кайрадан достук мамиле түзөбүз деп дайны жок шыйпактаганды таштайлы да арыдан бери бололу. Бирине-бири жылмасынан душман болуп турган мамлекеттердин экөө менен тең жакшы мамиле түзөбүз десек, орто жолдо калышыбыз турулуу. Азыркы кебетебизде антүүгө такыр болбойт!
Баратбай Аракеев