Кыргызстанда жүрүп өлкөнүн мыйзамдарын бузган чет элдиктерди соттун чечими жок эле өлкөдөн чыгаруу демилгеси сунушталууда. Мындай мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги иштеп чыккан. “Миграция тууралуу” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен сырттан келген жарандардын жүрүү тартиптерин жакшыртуу үчүн ушундай чечим кабыл алынганы белгилүү болду. Ага ылайык, Кыргызстанда документи жок ишкердик кылгандар, өлкө аймагында бир жылдан көп визасыз жүргөндөр, виза мөөнөтү аяктаганына карабай Кыргызстандан чыкпай жүргөндөргө ушундай чара колдонулат.
Бул жаңы мыйзамдын талаптарын аткарууну чек ара кызматы, ички иштер министрлиги жана УКМК көзмөлгө алат.
Ар бир мамлекеттин ички мыйзамын сырттан келгендер сакташы керек. ИИМ сунуштап жаткан бул мыйзам учурда абдан актуалдуу. Кытайлар, түрктөр басып кетти дегендер арабыздан чыгып жатат. Бирок, ошолордун канчасы мыйзамсыз жүрүп, сотторго чейин сатып алууда. Андыктан аталган мыйзам тез арада кабыл алынышы керек. Бул биздин ички жана сырткы коопсуздугубуз үчүн да абдан маанилүү. articulo 110.