Балыкчыдагы Орто-Токой айылынын жаштары Балык чарба департаментинин кызматкерлери менен бирге Орто-Токой суу сактагычына 1 миллионго жакын сиганын чабактарын кое беришти, деп билдирди аймактык кабарчы.
Мындай салтка айланган кызматташуу иш-чарасы жыл сайын уюштурулуп келет.
Мындан тышкары, айыл жаштары Орто-Токой суу сактагычынын жээктерин тазалоо иштерин жасашып, 80 кап таштандыны чогултушту. Ошондой эле күн жылып, муз ээрип жаткандыгына байланыштуу «Муз тебүүгө болбойт» деген эскертүү такчасын орнотушту.