Президент Садыр Жапаров билдирүү таратты:
“Кумтөрдү Акылбек Жапаров текшерет экен. «Карышкырга кой кайтартыпсыңар” деп сындаган билдирүүлөр көп келе баштады. Урматтуу кыргызстандыктар! Кытай реформатору Дэн Сяопин: «Кара мышыкпы, ак мышыкпы, чычкан алса болду», – деп айткан. Анын сыңарындай, ким текшерсе да айырмасы жок. Кыргызстанга пайдалуу жыйынтык менен келсе болду. Көзөмөл күчтүү болот.”