Домой Пайдалуу кеңеш Пайдалуу кеңеш: балык, шорпо, картошка, помидор

Пайдалуу кеңеш: балык, шорпо, картошка, помидор

528

Куурулган балык

  • Балыкты кууруп жатканда майдаланып кетпеси үчүн аны кууруганга 10-15 мүнөт калганда туздап коюу керек.
  • Балыкты катуу кайнаган сууда бышырбайт.
  • Балык менен эт кыпкызыл болуп куурулсун десеңиз алдын ала балыкты майлык менен аарчып суусун кургатып алуу керек.
  • Шорпого жана суюк тамактарга лавр жалбырагын, калемпирди кайнап бүтөргө аз калганда салуу керек.
  • Көмөч казанга эт же балык куурусаңыз адегенде майга туздан сээп койсоңуз майы чачырабай жакшы бышат.
  • Картошканы майлык менен жакшылап кургатып алып кессе, кууруганда кыпкызыл болуп бышат.
  • Чийки боорду адегенде кайнак сууга салып алса оңой тазаланат.
  • Боорду чала туздап туруп кууруса, жумшак бышат.
  • Жаңы бышкан жер-жемиштерди жана картошканы кайнап турган сууга салса эзилбей жакшы бышат.
  • Жаңы көмөч казанды пайдаланардын алдында ага туз салып катуу кызытып алса бекем болуп узакка кызмат кылат.
  • Тузу ашыкча болуп калган шорпого күрүч салынган баштыкчаны салып койсо, ашыкча тузду соруп алат.
  • Помидордун жарылган жерине туз сээп койсо, бузулбай турат.