Ар түркүн товарлары менен дүйнө базарларын ээлеген Кытай кийим-кече, буюм-тайымдан тышкары азык-түлүктүн да жасалма түрүн жасап чыгара башташканына көп болду. Биздин супермаркеттердеги тамак-аштын бир далайы Кытайдан жасалып келээри азыр эч кимге деле жашыруун сыр болбой калды. Эмесе, төмөндө 690-693 штрих-коду менен белгиленген кайсы тамак-ашты сатып алууга болбой тургандыгын билип алыңыз!
1. |
Тиляпия балыгы. Бул балык Кытайдын балык чарбаларында өстүрүлөт. Бул эң начар, уулуу жана зыяндуу балык. Тиляпия балыгы кичинекей жана суусу аз бассейндерде өстүрүлүп, суудан эмне тапса ошону менен азыктанат. Кытайдын балык өстүрүүчүлөрү өздөрү чоңойткон балыкты эч качан балдарына жегизбейт. КМШ мамлекеттерине (ошондой эле АКШга) келген тиляпия балыгынын 80 пайызы Кытайдан келет.
2. |
Треска. Кытайдын балык чарбасында өстүрүлгөн балыктын дагы бир түрү бул – треска балыгы. Бул балык да жашаган көлмөлөрү тазаланбагандыктан, өзү бөлүп чыгарган зыяндуу заттардын ичинде жашап, чоңоёт. Биздин супермаркеттердеги треска балыгынын 50 пайызы Кытайдан алып келинет.
3. |
Кытайдын алма ширеси. Ишенүүгө кыйын болсо да, дүкөндөрдөгү алма ширесинин 50 пайызы ошол эле Кытайдан импорттолуп келет. Бүгүнкү күндө Кытай дүйнө жүзүн пестициддер менен уулантып жаткан кези жана алар өздөрүнөн чыккан азыктардын оромунда аларда пестицид бар экенин көрсөтүшпөйт. Андыктан, колдон келсе дүкөндөгү алма ширесин сатып албаңыз. Ширени үй шартында жасап ичкен ден соолукка пайдалуу.
4. |
Консерваланган козу карындар. Жакында эле АКШнын санэпидемстанциясы Кытайдан келген козу карындын бузулуп калганын аныкташты. Кээ бир кытайлык фабрикалар консерваланган козу карындын сыртына “нукура азык” деп жазышат. Кытайдын ууланган козу карынын эмес, жок дегенде Россиянын козу карынын сатып алганыбыз оң болор.
5. |
Сарымсак.Базардагы ичи-сыртында бир кемчилиги жок жаркыраган сарымсактарды кээде сырткы кооздугуна карап алып иштетип жүрөбүз. Кытайдын бул сарымсагын узак убакытка сакталып турушу үчүн химикаттар менен нормадан ашык кайра иштеп чыгышат. Бул ден соолукүчүн оңбогондой зыяндуу. Мындай сарымсакты жегенден кийин адамдын көңүлү азып, кускусу келет.
6. |
Кытай тоогу. Кытай тоок азыктарын өндүрүп чыгуу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. А бирок анын сапаты жана ден соолукка зыянсыздыгы боюнча кепилдик бере албайт. Алар бат ирдениши үчүн бул тоокторго тез өстүрүүчү гормон кошулган дарыларды беришет.
7. |
Жасалма күрүч. Жасалма күрүчтү картошка менен чайыр жасоого колдонулуучу синтетикалык материалдардан жасашат. Эгерде күрүчүңүз узакка чейин бышпай жатса, анда ал жасалма экенинен шек санабаңыз. Бул күрүчтөр рак оорусун чакырат.
8. |
Кара мурч. Майдаланган кара мурчка кытайлар ылай кошуп коюшат. Кытайда азык-түлүктүн жасалышына көзөмөл кылуучу органдын жоктугу биздин ден соолукту талкалап жатат.
9. |
Кытай тузу. Тамак-ашка колдонгон туз менен өндүрүштө колдонгон туздун айырмасы чоң. Бирок дал ушул өндүрүш тузун Кытай бизге импорттоп жатканына көп болду. Убакыттын өтүшү менен мындай тузду колдонуу акыл-эс жана дене жагынан артта калууну шарттап, тукумсуздукка алып келет.
10. |
Жашыл буурчак. Бул азык Кытайда 2005-жылдан бери массалык түрдө чыгарылып келет. Жасалма жашыл буурчак соя өсүмдүгүнөн, жашыл боёк жана метабисульфит натрийден (химиялык консервант) жасалат. Булар болсо азык-түлүк өндүрүшүндө тыюу салынган заттар, себеби ракка жана башка ооруларга алып келет. Мындай буурчак кайнатканда жумшарбайт, а суу болсо жагымсыз жашыл түскө боёлот.
Аида МУСАЕВА