Домой Саясат Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы кызматынан бошотулду

Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин башчысы кызматынан бошотулду

312

Сабиров Шухрат Маматалиевич Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Тийиштүү жарлыкка 2021-жылдын 9-мартында премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Ал бул кызматка 2017-жылдын 15-февралында дайындалган.