Домой Коом Кыргызстанда көмүрдүн баасы бекитилди

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бекитилди

34

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкөдө көмүрдүн баасын бекитти. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан ар бир облуста жана Бишкек, Ош шаарларында көмүрдүн баасынын (килограммына жана тоннасына) максималдуу деңгээли төмөнкү өлчөмдө белгиленди:

  • Бишкек шаарында 1 кг 5,80 сом, ал эми 1 тоннасы 4400-4500 сом;
  • Чүй облусунда 1 кг 5,90  сом, 1 тонна 4250-4550  сом;
  • Ош шаарында жана Ош облусунда 1 кг 6, 80 сом, 1 тонна 5000-6000сом;
  • Жалалабад облусунда 1кг 7 сом, 1 тонна 4000-6500 сом;
  • Нарын облусунда 1 кг 5 сом, 1 тонна 2400-4700 сом;
  • Ысык-Көл облусу 1 кг 7,5 сом, 1 тонна 3600-6800 сом;
  • Талас облусунда 1 кг үчүн нарк азырынча көрсөтүлө элек, ал эми 1 тоннага 5100-6500 сом;
  • Баткен облусунда 1 кг үчүн 7,5 сом, 1 тоннага 4800-8700 сом.