Артем Новиков ар кандай саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери менен жолугушуу учурунда дарыгерлерге компенсация төлөө маселеси адилеттүү жана ачык-айкын чечилет деп билдирди.
Бул тууралуу өкмөттүн сайты, КР вице-премьер-министри Артем Новиков менен “кызыл зоналарда” иштегендиги үчүн бир жолку компенсацияны төлөө, эмгек акыны жогорулатуу боюнча митингге катышкан медициналык кызматкерлер менен жолугушуудан кийин билдирди.
Белгиленгендей, медициналык кызматкерлердин бардык жактырылган арыздары үчүн бир жолку компенсация кепилденет. Бул максаттарга республикалык бюджетте 200 миллион сом каралган.
Арыздарды кароо боюнча комиссиянын курамы жаңыланат. Бардык талаштуу өтүнмөлөр боюнча, Комиссия кайра карап чыгып, кабыл алынган чечимдердин акыйкаттыгын текшерет.
Жолугушуунун жүрүшүндө медицина кызматкерлерине өкмөттүн жакында кабыл алынган медициналык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө токтому кеңири түшүндүрүлдү.
Ошондой эле, саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери медициналык кызматкерлерге кызматтык милдеттерин аткарууда коркутуулар жана кол салуулар көбөйүп жаткандыгына тынчсыздануусун билдиришти. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине бул маселени карап чыгып, медициналык кызматкердин кесиптик ишин аткарууда физикалык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн жарандардын жоопкерчилик чараларын күчөтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.