Домой Саясат Нурлан СУЛАЙМАНОВ, экс-министр, коомдук ишмер: “Атамбаев Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү үчүн өтө чоң...

Нурлан СУЛАЙМАНОВ, экс-министр, коомдук ишмер: “Атамбаев Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү үчүн өтө чоң саясий кадамдарды жасады”

63

1366961512_28016200

Президент Алмазбек Атамбаев мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жаңы шайланган өлкө башчысына кызматын өткөрүп бергени турат. Атамбаев президенттик учурунда Кыргызстан үчүн кандай өзгөрүүлөрдү алып келе алды деп эсептейсиз?

—          Биринчиден, мен 5 жыл Европада жашап, Кыргызстандагы саясий кырдаалга сырттан көз салып турган адам катары баа берсем болот. Чынында Атамбаев Кыргызстандын туруктуу өнүгүшү, мындан ары көз карандысыз мамлекет катары калыптанышына өтө чоң эмгек жасады. Муну азыр эч бир эксперт же талдоочу конкреттүү айтып бере элек. Атамбаевдин учурунда өтө чоң саясий кадамдар, иштер жасалды. Маселен, биздин президент КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи жолу Конституциянын негизинде өзүнүн кызматын жаңы шайланган президентке өткөрүп берип жатат. Кыргызстандагы тынчтык жолу менен бийликтин алмашуусунда бул кишинин ролу чоң болууда. Башка мамлекеттерди алып көрсөк, алар референдум же башка жолдор менен Конституцияны өзгөртүп, ошол эле кезде бүгүнкү күнгө чейин бийликти бербей келе жаткан инсандар абдан көп. Экинчиден, Атамбаев референдум өткөрүп жатканда да парламенттик башкарууну мындан ары өнүктүрүшүбүз керек деп айтып кетти. Конституция чыныгы парламенттик башкарууга ылайыкташтырылып өзгөртүлдү. Бул дагы чоң саясий кадам деп эсептеймин. Анткени мен Европада жашап, парламенттик республикалар кандай өнүгүп жатканын, бул системанын абдан эффективдүү экенин өз көзүм менен көрдүм. Бул киши ушул системаны өнүктүрүү үчүн талыкпай иштеп келе жатат. Азыркы күндө парламент толук кандуу иштебесе да, эртеңки күнү алардын толук кандуу иштешине өбөгөнүн түзүп жатканы да чоң кадам.

—          Президент Атамбаев Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн бекемделиши үчүн канчалык салым кошо алды?

—          Президент бул багытта жакшы иштерди аткарды. Кыргызстан кичинекей мамлекет болсо дагы ички саясатын, тышкы саясатын өзү аныктай турганы үчүн чоң аракеттерди жумшады. Биздинн ички ишибизге сырттан кеч ким кийлигишпеши керектигин баса белгиледи. Буга чейинки президенттер улуттук идеологияны иштеп чыгабыз, аны жаратабыз деп ар кандай программаларды кабыл алганы менен анысы натыйжа берген эмес. Жакында эле бул киши дагы бир жолу элибиздин улуттук сезимин ойготту. Ал сырттан келген акча биздин тагдырыбызды эч качан чечпеши керек деп айтты. Биздин президентти элибиз гана тандайт деп таамай айтты. Бул сөз чынында кыргызстандыктардын улуттук сезимин ойготту. Ушуну менен элибиздин аң-сезимин өзгөрттү, муну жалпы бир улуттук идеология деп койсок да болот.

—           need to buy pfizer brand viagra. Ошол эле кезде президентти кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга айыптагандар бар. Ушул маселеде Атамбаевди сындаганыбыз туурабы?

—          СССР мезгиниде Кыргызстан коңшу мамлекеттерге сууну топтоп, аны жайында берип турчу. Алар болсо бизди газ, көмүр менен бекер камсыздап келген. Тилекке каршы, Союз урагандан кийин биз алардын кен байлыктарын сатып алып, ошол эле кезде сууну бекер берип келгенбиз. Айрыкча, коңшулар кышында газды өчүрүп, анын баасын көтөрүп канча азапка салды. Мындай көрүнүштү Атамбаев чечти. Азыр Россия менен келишим түзүлүп сапаттуу жана арзан газ баарына үзгүлтүксүз берилүүдө. Бул да чоң жетишкендик.

Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы маселе боюнча президентти айтыптап, аны татаалдаштырыштын кереги жок деп эсептеймин. Бул маселе да чечилет. Болгону казак президенти Нурсултан Назарбаевдин туура эмес кадамы себеп болду. Мен ал кишини айыптагым келбейт, бирок ЕврАзЭСтин демилгечилеринин бири ушул киши колгон. Европа Биримдигинде деле өлкө жетекчилери бири-бирине катуу сөздөрдү айтат, сындагандары бар. Бирок, алар союздаш катары жеке таарыныч  менен чек арасын жапкан жок. Казактар Атамбаев сындабаганда деле башка шылтоолор менен чек арасын жаап коймок. Бирок, бизге алардын аракети чоң сабак булушу керек. Ал үчүн президентти же башка бирөөнү айыптагандан пайда таппайбыз. Биз көп вектордуу саясат жүргүзүү менен бул тоскоолдуктарды жеңип, башка мамлекеттер менен эконмикалык байланыштарды түзүү аркылуу жооп беришибиз керек. Мындан кыйын мезгилерди кыргыз эли башынан өткөргөн, бул убактылуу тоскоолдуктардан да татыктуу чыгып кетебиз деп мен терең ишенем.