Домой Саясат Улукмырза ПОЛОТОВ,КР Ардактуу аксакалы орденинин жана 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси, Кыргыз...

Улукмырза ПОЛОТОВ,КР Ардактуу аксакалы орденинин жана 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси, Кыргыз Эл артисти, профессор: “Атамбаев президент катары жакшы иштеди”

373

Polotov_Uluk (1)

 

—  Президент Алмазбек Атамбаев бир айдын аралыгында жаңы шайланган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго кызматын өткөрүп бергени жатат. Атамбаев 6 жылда Кыргызстанга кандай мурас калтырды деп эсептейсиз?

—          Президент Алмазбек Атамбаев жалпы жонунан абдан жакшы иштеди. Ал өз мөөнөтүндө өтө көп жумуштарды жасады, кыргыз элине бир топ мурас калтырды. Буга ошол эле жаңы жолдордун салынып, оңдолуп жатышын айтсак болот. Тазалыкка өзгөчө көңүл бурулууда. Атамбаев демилгелеп баштаган түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативдүү жол ишке кирсе Нарын, Жалал-Абад облусунун эли бир топ өнүгөт. Кыргызстандын мамлекет катары ички ынтымагын бекемдөөгө жакшы шарт түзүлөт. Элдин карым-катнашы жеңилдейт. Мындан башка Атамбаевдин мыкты эмгектеринин бири – Кыргызстанды энергетикалык жактан толугу менен көз карандысыздыкка жеткиргени. Муну менен коңшулардын көзүн карабай, өзүбүз өндүргөн энергияга өзүбүз ээлик кылууга жеттик. Бул мамлекеттин көз карандысыздыгы үчүн да абдан маанилүү жумуш.

—          Президент сиз эмгектенген маданият тармагынын өнүгүшүнө канчалык салым кошо алды?

—          Маданият министрлеринин тез-тез алмашып жатканы мага жаккан жок. Бул эми депутаттардын, өкмөттүн иши болсо керек. Бирок, Атамбаев Көчмөндөр оюнунун уюштуруп, анын башында өзү туруп чоң иш жасады. Муну менен унутта калып бараткан маданиятыбызды дүйнө жүзүнө эле таанытпастан, аны жаш муундарга жеткирүүгө жол ачылды. Президент өзүнүн жеке фондунан  каражат бөлүп бир топ маданий жайларды оңдотуп жатат. Мындай жакшы иштерин айта берсе көп. Чукуп каза берсе чыга берет.

—          Ошол эле кезде Атамбаев 6 жылда эч нерсе жасаган жок деп оозун кургак чөп менен аарчыгандар бар. Мындай адамдардын пикирине кандай баа бересиз? generic propecia without prescription.

—          Эми коомчулукта ар кандай адамдар болот. Элдин баарына жага албайсың. Атамбаевди жактырбагандар, аны сын көз караш менен карагандар деле бар. Алардын пикирин деле сыйлап коюш керек. Бирок, жалпы эл президенттин аткарган иштерин, Кыргызстан үчүн жасаган эмгегин көрүп-билип турат. Ошол эле стабилдүүлүктүн камсыз болушу, элдин тынч жашаганы да Атамбаевдин эмгеги.

—          Президент тарабынан кандай олуттуу кемчилик кетти деп эсептейсиз?

—          Адам болгондон кийин сөзсүз анын кемчилиги болот. Атамбаев деле бизге окшогон пенде. Кээде жаңылат дегендей. Анча-мынча кемчиликтер деле болду. Иш жүрүп жаткан жерде мындай нерселер сөзсүз болот. Бирок, ал Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына терс таасир бере турган олуттуу кемчиликке жол бербеди деп эсептеймин. Жалпы жонунан Атамбаев президент катары жакшы иштеди.