Мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши 2016-жылы токтотулганын Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы тастыктады. Маалыматта: 2016-жылдын 22-апрелинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун токтому менен «жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти» деген негизде токтотулуп, Сулайманов кылмыш жообунан бошотулгандыгы айтылат. Шаардык сот бул чечимди ошол эле жылдын 26-сентябрында күчүндө калтырган. Эске сала кетсек, Башкы прокуратура Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал мезгилде Сулайманов Жогорку Кеңештеги «Ата Журт» фракциясынын депутаты болчу. Сулайманов көп өтпөй депутаттык мандатын таштап, өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу 2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен издөө жарыяланган. Башкы прокуратура 2018-жылы Сулайманов издөөдө болгондуктан, кылмыш иши убактылуу токтотулганын билдирип, кармалса камакка алынарын, иши сотко өткөрүлө турганын жарыялаган. Бирок Башкы прокуратура баштаган укук коргоо органдары аны карайлап күндүзү чырак менен издеп жүргөн кезде, ал 2017-жылы Алайда президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековду сүрөп, анын батасын алууга ашыкдар болуп жүргөн. Мына биздеги коррупциянын жана коррупционерлердин ачыктыгы. «Көтөрүп турган асманыңар болсо таштап жибергиле» деп кайрадан элге акыл айтып, «периште» болуп жүрө беришет. Ушу тапта Сулайманов «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышып жатат. Тизмеде 18инчи болуп жазылган. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы издөөдө жүрүп, эми талапкер катары катталган Сулаймановдун кылмыш иши тууралуу учурда эч кандай маалыматка ээ эмес экенин билдирген. Кыскасы, Башкы прокуратура Сулаймановду көрүп турса да, көргөн жеринде көргө айланган.
Булак: Багыт гезити