Домой Саясат Нурсултан Назарбаевдин коркунучу же «куурай сан алп»

Нурсултан Назарбаевдин коркунучу же «куурай сан алп»

65

f2a05f2bcbffc790ddbca692adf0da2c

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ЕАЭБди бузууда, муну ачык эле моюнга алыш керек. Автократ бул ишке өзүнө гана таандык ырааттуулугу жана кекчилдиги, арамзалыгы жана эки жүздүүлүгү менен барууда.

Кыргыз тарап бардык көйгөйлүү маселелерди чечүүгө даяр турганда, бирок коңшулаш мамлекеттин министрлер кабинети чек арадагы өздөрүнүн саясатын улантуу үчүн улам жаңы шылтоолорду таап чыгып аткан чакта Казакстандын өкмөтүнүн далилдерин кабыл алуу оор.

Премьер Сагинтаев кыргызстандыктар гана эмес, казакстандык, россиялык бизнесмендер да ар бир күн сайын чыгым тартып жаткан чакта, чек арадагы жарым-жартылай блокаданын эмне себептен уланып жатканын ачык түшүндүрө албайт. Казакстандын түштүгүндө азык-түлүктөргө болгон ба аулам өсүп, карапайым казактардын нааразычылыгын күчөтүүдө.

Казакстандан көмүрдү ташып чыгууга тыюу салганын да кандайдыр бир практикалык түшүнүк менен түшүндүрүү кыйын, бир гана Назарбаевдин таарынычынан бөлөк. Бул дагы Кыргызстандын рыногунда узак жылдардан бери иштеп келаткан Казакстандын көмүр казуучу компанияларына чыгым алып келет.

Мына ушунда Назарбаевдин режиминин маңызы жатат, картайып бараткан автократтын жеке сезими мамлекетке зыян алып келүүдө, ал эми Кыргызстандын рыногуна багытталган түрдүү компанияларда иштеген миңдеген адамдар жакында камсыздалбаган эс алууга кетүүгө аргасыз болушат. Мамлекетте эч ким ага каяша айтпаганына көнүп алган Елбасы жигитче татыктуу түрдө жеке өзү Алмазбек Атамбаевге жооп бере алган жок. Анын ордуна ал Кыргызстан менен Казакстандын элин жазалоону чечти, мунун өзү Елбасы Назарбаевдин статусунун өзүнө суроо жаратты, патриархтын бардык көрсөтүлгөн акылмандуулугу жокко чыкты. Эл алдында майда ойлуу куурай сан алп тартылып калды.

Кыргыздар жана казактар бул адамдын өңдү көрсө жүз тайды болгон, «Жер жүзүндө кыргыз жана казактардан жакын эл жок» деген пафосторуна кантип ишендик эле деген суроону берип турушат. Балким казактарды чоочун элемент – Чингизид башкарып атат деп айткан Атамбаев туура болуп жүрбөсүн. Ошентсе да Атамбаев Назарбаевди легендарлуу Чингизиддердин катарына кошуп жогору баалап койду, Казакстандын президенти өзүнүн сапаттары менен андай деңгээлге жетпейт. Чингизиддер өздөрүнүн вазирлеринин артына жашынбастан таарынткан адамдарга ачык эле бара алган.

Кырдаал кызып баратат. Эгерде башында кыргызстандыктар Атамбаев кызуу кандуулукка алдырып койду дешип, Назарбаевдин кең пейилдигинен үмүт артып турушкан болсо, эми алар катуу жооп катары чараларды талап кылышууда. Казакстандык бизнесмендерге таандык пансионаттарды, банктарды, кен чыгуучу жайларды, өнөр жай обьектилерин тартып алуу талаптарын көбүрөөк айтышууда. Бул албетте түшүнө турган жагдай, себеби Назарбаев чыныгы соода-сатык согушун баштап койду.

ЕАЭБдин алсыздыгынан бул уюмдан чыгуу талабы да көбүрөөк угулууда. Эгерде Назарбаев бардык макулдашууларды жөнөкөй гана декларация катары кабыл алып жана өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн аларды бузууга даяр болсо, башка мүчө мамлекеттердин укугун бузса, анда бизге ЕАЭБдин эмне кереги бар?

ЕАЭБдин башка катышуучулары «мунун баары убактылуу, бардыгы өтөт» дешип бардыгын жылмалоого аракет кылууда. Алар көбүнесе ЕАЭБдин мыйзамдары жетиле электигине басым кылууда. Мындай сооротуулар канчалык деңгээлде кайтарымдуу? Мына ушинтип сооротуп жаткандардын бирөө-жарымы ЕАЭБдин мыйзамдарын жетилтүү Назарбаевди токтото алабы деп ойлонуп атабы? Минтип айтыш үчүн, эмнени сүйлөп атканды билиш керек. Же алар Назарбаевдин башкаруусундагы Казакстанда мыйзам – кош ат чегилүүчү арабанын алдыңкы огуна бекитилген узун жыгачка эле айланып калганын, аны бийлик кайда бурса, ошол жакка кете берерин билишпейби?

Же бул сооротуучулар, оппозициялык саясатчылардын бири өзүн-өзү бир нече жолу атуу менен өлтүргөнүн жана ишти өзүн-өзү өлтүргөн деп таанып жаап коюшканын билбейби?

Назарбаев бир гана ага карата санкциянын күчүн гана билет. Андыктан ал батыш өнөктөштөрүнүн алдында жайпалаңдап турат. Себеби алар анын бардык жашыруун банктык счетторун камакка алып, болбой калган Елбасынын бардык туугандарын кедейлентүү менен бардык адепсиздикти, оройлукту жасоо менен Назарбаевге зыян алып келе алышат. Назарбаев өз өлкөсүндөгү башкача ойлонгондордон оттон корккондой коркот, эл массалык түрдө көтөрүлүп кетпесе экен деген коркунуч менен жашайт.

Андыктан ага ЕАЭБдин бардык макулдашуулары тыйынга да арзыбайт, ал өзүнүн аракеттери менен бул биримдикке өтө чоң жарака кетирди, кыргызстандыктардын көз алдында, алтургай өз элинин көз алдында да биримдиктин кадыр-баркын төктү.

Назарбаев болгону өч алуу менен гана жашап калды. Бардык эле майда адамдар сыяктуу, анын бузулган акылы түрдүү арамзалыктарды ойлоп чыгарат. Кыязы, ал соода-сатык блокадасы аркылуу Кыргызстандагы кырдаалды өтө курч абалга жеткирем деп ойлоп атса керек. Ошол эле убакта президенттик шайлоодо жеңилүүгө дуушар болгон Бабанов кырдаалды ичинен курчутат, нааразычылык акцияларын өткөрөт, анан анын баары төңкөрүшкө жетет деген планды койгондой. Назарбаев менен Бабановдун аракеттеринин үндөшүүсү көзүн жуумп алган адамга деле көрүнүп турат.

Болгону Назарбаев бир нерсени түшүнө албаптыр, кыргызстандыктар бардык кыйынчылыктарга чыдай алат, бирок өз эркиндигин эч кимге бербейт жана автократтын же анын адамынын артынан ээрчибейт. Борбордук Азияда кыргызстандыктар эркиндиктин баасын эң сонун билишет. Минтип бизге үстөмдүк кылам деп атып, Назарбаев өзү өз элинин нааразычылыгынан, бүгүнкү күндө ачык эле жасалма Елбасыга болгон жек көрүүлөрүн жашырбай турган элинен куугунтук жеп калбаса болду.

  crestor 10mg price uk.

Ильяс КАНГЕЛДИ, публицист