Домой Саясат Жаныбек Абиров бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышат

Жаныбек Абиров бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышат

241
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышат. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
«Урматтуу достор, кымбаттуу мекендештер! Ак ниет менен мекенибизге кызмат кылуу максатында жеке каалоом, командамдын колдоосу менен Ленин районунун 26 округунан бир мандаттуу талапкер катары парламенттик шайлоого аттандым.
Бул убакытка чейин 4 жыл Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп, 3 жыл төрагалык милдетти аткардым. Бул жылдар аралыгында командабыз менен жигердүү, таза, так иш алып барып келдик. Буюрса, аткарылуучу иштерибиз, пландарыбыз абдан көп. Жаркын келечек үчүн жаштыгыбызды, дем күчүбүздү арнап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошууга шайлоого аттандык», — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, апрель айында Жаныбек Абиров төрагалык кызматын убактылуу токтотуп, жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан. Май айында ага кылмыш иши козголгон. Тагыраагы, Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлүп, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тарабынан талкуусуз бекитилип, эмгек акыларына үстөк акылар негизсиз кошулганы маалымдалган.