Домой Коом Митингчилер Таластагы Жерүй кенин басып алышты

Митингчилер Таластагы Жерүй кенин басып алышты

104

Таластагы Жерүй кенинде иш убактылуу токтоду. Бул тууралуу “Алтын-Альянс” ишканасынын маалымат катчысы Касиет Карачолокова билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн эртең мененки саат 10дордо 200дөй киши алтын чыккан кендин аймагына кирип, ишти токтотууну талап кылышкан. Алар мындан тышкары жумушчуларды кууп чыгышкан.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын митинги Талас облусунда да уланууда. Бир нече саат мурун Өкмөттүн аймактагы өкүлү жана райондордун акимдери менен облустук милициянын башчысы өз каалоолору менен кызматтан кетишкен.
Талас облусундагы борбордук аянтта 200гө чукул кишиш топтошуп турат.

булак: reporter.kg