“Түндүк” уюлдук тиркемесинде дагы бир документтин санариптик форматы жеткиликтүү – туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.
Анын айтымында, 30-декабрдан тарта өлкө аймагында документтердин санариптик форматы юридикалык күчүнө кирди. Тизмеге паспорт, айдоочу күбөлүгү жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгү киргизилген.
Документинин санариптик форматын колдонуу үчүн жарандар Бирдиктүү идентификация системасында каттоодон өтүшү керек.