Мамлекеттик бажы кызматы бажылык башкарууну санариптештирүү жана сода жол-жобосун жөнөкөйлөтүү алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашырды:
— «Кырдаал борбору» автоматташтырылган маалыматтык системасы түзүлдү;
«Кырдаал борбору» автоматташтырылган маалымат системасынын платформасында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын негизги статистикалык көрсөткүчтөрүн чагылдырган интерактивдүү дэшборддор иштелип чыккан. Ошентип, бүгүнкү күндө реалдуу убакыт режиминде бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнө мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар.
-«АТКны Автоэсепке алуу» модулу иштелип чыккан жана ишке киргизилген;
-«АТКны Автоэсепке алуу» модулу мамлекеттик номерлерди таануу функциясы бар камералардын ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту ишке ашырууга мүмкүндүк берет, номурларды онлайн окуунун натыйжалары боюнча түзүлгөн фотофиксациялоонун жана метамаалыматтардын натыйжаларын чагылдырат.
— «Өзбекстан Республикасы менен маалыматтык өз ара аракеттенүү порталы» ишке киргизилген.
«Өзбекстан Республикасы менен маалыматтык өз ара аракеттенүү порталы» бажы операцияларын жүргүзүүдө бажы контролун оптималдаштырууну ишке ашырууга, салыштырма статистикасындагы көрсөткүчтөрдүн айырмачылыктарын жоюуга жардам берет.
«Өзбекстан Республикасы менен маалыматтык өз ара аракеттенүү порталын» ишке киргизүүнүн жана колдонуу аркылуу 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2022-жылдын июль-декабрына карата бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 663,3 млн. сомго көбөйгөн.
— «Электрондук өткөрүү пункту» долбоору ишке киргизилген;
«Электрондук өткөрүү пункту» долбоору чек арада көзөмөлдү тездетилген, жөнөкөйлөштүрүлгөн жана ошол эле учурда натыйжалуу ишке ашыруу үчүн өткөрүү пункттарын техникалык модернизациялоону, бизнес-процесстерди кайра карап чыгууну жана санариптик технологияларды киргизүүнү камтыйт.
Тизмеленген долбоорлор бажылык башкаруунун сапатын жогорулатып, бажы төлөмдөрүн чогултууга оң таасирин тийгизүүдө.