Домой Саясат Мар БАЙЖИЕВ, коомдук ишмер, драматург: “Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковдон үмүтүбүз чоң”

Мар БАЙЖИЕВ, коомдук ишмер, драматург: “Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковдон үмүтүбүз чоң”

186

can viagra be bought online. sab_3755

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков мыйзам талап кылбаса да кызматын тапшырып, анын ордуна Сапар Исаков дайындалды. Эми Жээнбеков президент болуп калса С.Исаков экөөнүн кызматташуусу кандай болот?

—          Сооронбай Жээнбеков тажрыйбалуу, акылдуу, токтоо, мыкты жигит. Ал эми Сапар Исаков жаш, билимдүү бала. Бул экөөнүн тандеми абдан мыкты болот. Сооронбай жаш премьер-министрге акылын айтып, ага керектүү кеңештерди берип турат деп ишенем.

—          С.Жээнбеков шайлоо астында элге бир топ убадаларды берип, президент болуп калса иш жүзүндө натыйжа көрсөтө турганын айтууда. Эми ал берген убадаларынын өдөсүнөн чыга алабы?

—          Айрым талапкерлер буга чейин колунан иш келбей эле куру убадаларды берип жатат.  Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаков берген убадаларын аткарышы керек. Бул экөөсүнөн үмүтүбүз чоң. Эң жакшы жери Сооронбай абдан тажырыйбалуу инсан. Кыргыз элинин үмүтүн актайт булар.