Домой Коом “Манас” аэропортунун жетекчилиги мамлекетке 65 миллион сомдон ашык зыян келтирген факты аныкталды.

“Манас” аэропортунун жетекчилиги мамлекетке 65 миллион сомдон ашык зыян келтирген факты аныкталды.

292

Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилиги тарабынан мамлекетке 65 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Генпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Башкы прокуратура мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузууларды жана «Манас» эл аралык аэропорту” менен  (мамлекеттик үлүшү 79,05%) чет өлкөлүк компаниянын туруктуу байланышын аныктады. Алар мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын жетекчилиги жана жооптуу адамдары чет элдик компаниянын кызыкчылыгында иш алып барышкан. Чет элдик компаниянын жетекчиси А.Ш. болгон. Ал 2018-2020-жылдары 16 тендерге катышкан чет өлкөлүк төрт компаниянын уюштуруучусу, анын аффилирленген компаниялары менен кошо жалпы суммасы 430 617 935 сомду түзгөн кымбат баалуу товарларды (машиналарды жана жабдууларды) жеткирүү менен алектенген, ал эми жеткирүү келишимдери мыйзам бузуу менен түзүлгөн », – деп айтылат билдирүүдө.

“Сатып алууларды пландаштыруу этабында кээ бир товарлардын бааларына тийиштүү мониторинг жасалбай, өндүрүштүк муктаждыгын эске албастан, товардын бааларын негизсиз жогорулатышкан. Жетекчилик кызматтагылар чечимдерди А.Ш. аттуу жарандын компанияларынын пайдасына кабыл алуу максатында башка ишканаларга басмырлоочу критерийлерди жана талаптарды коюшкан. Сынактын техникалык спецификациясы боюнча квалификациялык талаптарга жооп бербеген А.Ш. жетектеген компаниялардын арыздарын жактырышкан. Ал эми башка товар тапшыруучулар сынактын кийинки этабынан негизсиз четтетилген” – деп айтылат маалыматта.

Ошентип, прокуратуранын маалыматы боюнча, “Манас” эл аралык аэропору” ААКнын жооптуу кызматкерлери жана жетекчилиги пайда табуу максатында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында мамлекетке 65 миллион 170 миң 226 сом өлчөмүндө зыян келтиришкен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде КР Жазык кодексинин 233-берененин 2-бөлүгү (“Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”), 234-беренесинин 2-б. 1- жана 2-п. (“Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу”) боюнча катталды.

Кылмыш иши сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн тиешелүү тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

булак: Kyrgyztoday