Домой Коом 6-октябрдагы Жерүй кениндеги тополоң боюнча 100гө жакын адам суракка алынды

6-октябрдагы Жерүй кениндеги тополоң боюнча 100гө жакын адам суракка алынды

160

 6-октябрда Талас районунун Бекмолдо айыл аймагында жайгашкан Жерүй кениндеги имараттардын өрттөнүп, тонолушу боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Жазык кодексинин 264-беренеси (массалык баш аламандык) менен тергөө иштери башталган. Бүгүнкү күнгө чейин тергөө иштеринде 100гө жакын адам чакырылып, түшүнүк кат алынды. Учурда тергөө иши кайра квалификация болуп, 4 берене – атайлап мүлктү бүлдүрүү, ээнбаштык, автотранспортту уурдап айдап кетүү жана тоноо боюнча иликтөө жүрүп жатат. Келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

 

Окуя тууралуу:

6-октябрда саат 11:00 чамасында ондогон адамдар кирип барып, ишкананын аймагын басып алышкан. Адамдардын так санын айта алышкан эмес. Ошондой эле алар жергиликтүү тургундар экени тууралуу да маалымат такталган эмес. Алар алгач товардык-материалдык баалуулуктар сакталган кампаны тоноп, андан кийин алтын алынуучу имаратты өрттөшкөн. Кызматкерлер ал жерден качып кетүүгө жетишкен.

Кол салгандар автоунаанын терезесин да талкалашкан. Алар унаалардын бирин алып кетүүгө да аракет кылган. Бирок ал автоунаа жол кырсыгына кабылган болчу.

Ошол күнү кечинде Жерүй алтын кениндеги ишкананын мүлктөрүн уурдап келе жаткан деп шектелген адамдар кармалган. Алар кир жуучу машиналарды унааларга жүктөп алып бара жаткан жеринен кармалышты. Бул окуя караңгы кирип калган учурда болгон.

булак: turmush.kg