Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун Кытайдын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Буга чейин өкмөт тарабынан Кытай мамлекетине көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жумушчу убактысын 8ден 12 саатка чейин жогорулатуу жана пункттар күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да иштөө режимине өткөрүү сунушталган.
«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши аба ырайынын шарттарынан көз каранды жана коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу алкагындагы кытай тарап аркылуу кабыл алынган чараларга, ошондой эле өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдүн өтүүсүнүн өзгөчө алгоритми менен түздөн-түз байланыштуу.
Артём Новиков Кытайдын элчисине Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишине байланыштуу маселенин ыкчам чечилиши үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз өкмөтү көзөмөл-өткөрүү пункттарынан унааларды өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынып жаткан бардык чараларды колдоого алууга даяр экендигин белгиледи.
Жыйынтыгында Артём Новиков мамлекеттик бажы кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматына көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин Кытай тарап менен биргелешип иштөө режимине өткөрүү тапшырмасын берди.